Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

1 млн. 476 тысяч сомов на покупку аппаратов ИВЛ и кислородных концентраторов

13.07.2020

“Халык Банк Кыргызстан” ААК ИВЛ аппараттарын жана кычкылтек концентраттарын сатып алууга 1 млн. 476 миң сом бөлдү. Анын 1 миллион сому Банктын өзүнүн каражаттарынан бөлүндү, ал эми калган сумма – бул ушундай кыйын учурда алар да жардам берүүнү чечишкен кызматкерлер бир күндүк эмгек акысын ыктыярдуу которушканын белгилеп кетсек болот.

Каражаттарды чогултуу тууралуу пикирди Кыргызстандын Банктар Союзу (КБС) демилгелеп чыкты. Халык Банк аны биринчилерден болуп колдоп чыкты, себеби бул биздин өлкөнүн бардык тургундары үчүн эң маанилүү жана олуттуу иш. Керектүү медициналык жабдуу борборлоштурулуп сатылып алынат жана КБСтин контролдоосунун алдында Саламаттык сактоо министрилиги менен биргеликте бөлүштүрүлөт.

Пандемиянын биринчи толкуну жүрүп жаткан учурда “Халык Банк Кыргызстан” ААК өлкөнүн ар кайсы региондорундагы 339 медиктерге жалпы суммасы 1 млн. 424 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарды түз эле дарыгерлердин карталарына которуу жолу менен жардам көрсөткөнүн да эскере кетүүгө болот.