Документалдуу операциялар жана соодалык каржылоо
Документалдуу операциялар – бүтүмдөрдүн катышуучуларын мүмкүн болуучу экономикалык жана саясий тобокелдиктерден, мисалы, өндүрүш жана сатуу, келишимдерди аткаруу, сапат, төлөгүсү келбеген же төлөөгө жөндөмсүз, валюта алмашуу курстарынын өзгөрүшү сыяктуу тобокелдиктерден коргоо максатында эл аралык соодада алар кеңири колдонулуучу банктык кызматтардын тобун билдирет. «Халык Банк Кыргызстан» ААК Соодалык каржылоо жаатында чоң тажрыйбага ээ жана өз кардарларына тез жана кесипкөй тейлөө көрсөтүүгө даяр. «Халык Банк Кыргызстан» ААК тарабынан сунушталган Соодалык каржылоо продукттары:
Банктык кепилдик – бул кепилдик ал тиешелүү төлөм талабын көрсөткөндөн кийин анын (бенефициардын) пайдасына берилген жакка (бенефициарга) белгилүү бир акча суммасын төлөө боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК кепилдиктердин төмөнкү түрлөрү менен иштейт:
• Тендердик кепилдик – банк тарабынан тендердин катышуучусунун милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн товарларды/иштерди/кызматтарды сатып алууга карата тендер өткөрүүчү жактын пайдасына берилет.
• Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын кепилдиги – келишим (товарларды берүү/иштерди аткаруу/кызмат көрсөтүүлөр) боюнча принципал тарабынан өз милдеттенмелери аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бенефициардын пайдасына төлөм жүргүзүү боюнча банктын милдеттенмеси.
• Төлөм кепилдиги - ал тарабынан алынган товарлар/иштер/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акы боюнча өз милдеттенмелери принципал тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бенефициардын пайдасына төлөм жүргүзүү боюнча банктын милдеттенмеси.
• Аванстык төлөмдү кайтаруу кепилдиги – банк тарабынан принципалдын пайдасына аванстык төлөм жүргүзгөн/төлөө жүргүзүүнү каалаган жактын пайдасына берилет.
• Бажы кепилдиги – банк тарабынан бажы кызматынын пайдасына берилет.
Артыкчылыктары
- пайыздык чендери ыңгайлуу жана шарттары ийкемдүү
- өтүнмө-арыздарды кароо мөөнөттөрүнүн тездиги
- документтердин минималдуу пакети
Документалдуу аккредитив – бул, экспортер аккредитивде көрсөтүлгөн документтерди берген шартта, белгилүү бир мезгилдин ичинде экспорттоочуга (сатуучуга) белгилүү бир сумманы импорттоочунун (сатып алуучунун) атынан төлөөгө карата банктын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК аккредитивдердин бардык түрлөрү менен иштейт.
Артыкчылыктары
- пайыздык чендеринин ыңгайлуулугу жана шарттары ийкемдүүлүгү
- өтүнмө-арыздарды кароо мөөнөттөрүнүн тездиги
- 20 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар ишенимдүү өнөктөштүгү
- биринчи класстагы банк-корреспонденттердин кеңири тармагы
Документалдуу инкассо – бул документалдуу операция, ал импорттоочу тарабынан белгилүү бир нускамаларды аткаруунун ордуна экспортердон (жеткизүүчүдөн) алынган документтерди банк импорттоочуга (төлөөчүгө) берүү учурунда түзүлөт:
•Дароо төлөнгөн төлөм
• Которуу векселинин акцепти
Документалдуу инкассону төмөнкү шарттарда гана колдонуу сунушталат:
Экспорттоочу жана импортердун ортосунда түзүлгөн туруктуу мамилелери бар болсо
Импорттоочу өлкө саясий жана экономикалык жактан туруктуу экенине экспорттоочу ишенсе
Сатып алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө эч кандай шек жок болсо
Тарифтер (тарифтерге шилтеме)
Консультация алуу үчүн өтүнмө-арыздарды калтырыңыз