Көп каналдуу

Факс

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын кардарынын укуктары

Урматтуу кардарлар, төмөндө сиздин укутарыңыз келтирилди:

1. Кредиттик келишимге кол коюлган мезгилден тартып кредиттик каражаттарды алганга чейин кредитти алуудан акысыз негизде (кардардын арызын кароо үчүн бекитилген тарифке ылайык банк тарабынан комиссия кармала турган учурдан башка учурларда) баш тартуу.

2. Ага тиркеле турган бардык документтери менен бирге Келишимдин долбоорун жана банктан тышкары жерден юридикалык консультация алуу үчүн колуна алууга, ушул эле учурда келишим менен таанышуу үчүн ал кардарга бериле турган убакыт үч күндөн кем эмес болушу керек.

3. Кредит, туумдар, айыптык санкциялар, жана банктык төлөм карталарын колдонуу менен кредит алуу/төлөп тындыруу төлөмдөрүн эсептөөлөрдүн тартиби боюнча түшүнүктөрдү алуу.

4. Күтүлүүдөгү кирешелер улуттук валютада болсо, кредитти чет элдик валютада алууга байланышкан тобокелдиктер боюнча түшүнүктөрдү алуу.

5. Келишимдин түзүлө (таризделе) турган (мамлекеттик же расмий) тилди тандоо.

6. Зарыл болсо, жана кардардын талабы боюнча, Банк «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Уставын таанышуу үчүн берүү.

7. Банктын иши жөнүндө чакырык, сунуш же доо арызды жазуу түрүндө (Арыздар жана сунуштар Китебине) же элекрондук түрдө (Банктын электрондук почтасына: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.) калтыруу.

Бул учурда, бардык кайрылууларда (формасынан көз карандысыз) сиздин фамилияңыз, атыңыз, атаңыздын аты, байланышуу боюнча маалыматтарыңыз милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек, ошондой эле кайрылуунун мааниси баяндалышы керек. Жазуу түрүндөгү кайрылууларда (Банктын электрондук почтасына келип түшкөндөрдөн башка) кардардын жеке өзүнүн колу жана кайрылган күндүн датасы коюлат.

Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун жол-жобосу 

Жеке жана байланыш маалыматтары, ошондой эле ага жооп берүү үчүн керектүү почталык дареги көрсөтүлбөгөн кардардын жазуу түрүндөгү кайрылуусу анонимдик болуп таанылат жана кароого жатпайт.

Анда цензурага каршы же кордоочу сөздөр, Банктын кызматкеринин дарегине, анын, үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркутуулар камтылган, керектөөчүнүн жазуу түрдөгү кайрылуусу кароосуз калтырылышы мүмкүн.

501 narod 401 403
 faster 1 406 contact_2 bereke