Көп каналдуу

«Халык Банк Кыргызстан» ААК өнүгүүнүн маанилүү вектору – бул социалдык корпоративдик жоопкерчилик. Бул жолу биз Кыргызстандын эң алыскы жеринде жайгашкан балдар үйүнүн балдарына жардам берүүнү чечтик. Мырза-Аке мектеп-интернатынын (Ош ш.) тарбиялануучулары учурда бут кийимге курч муктаж экен. Биз кубануу менен бут кийимдерди сатып алууну каржылоого жардам бердик!

4-июнда Ош филиалынын кызматкерлери «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Мырза-Аке мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына конокко барышты жана аларга жаңы бут кийим тапшырышты! Балдарга жаңы бут кийимдер абдан жакты! Ал жерде болгондордун бардыгы ыраазы болушту: балдар жаңы бут кийим кийишип, ал эми улуулар, тилекке каршы, алар ата-энесинин багуусуз калган балдардын аз болсо да көңүлүн көтөрүп койгонуна кубанып турушту.

Акциянын демилгечиси болуп «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фонду чыкты жана биз бул демилгени кубануу менен колдоого алдык.

1

2

3

4

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke