Көп каналдуу

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Стипендия» социалдык долбоорун иштетип баштады, анын максаты балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн окууну аяктагандан кийин андан ары аларды банкка ишке орноштуруу менен окутуу болуп саналат. Долбоордун биринчи катышуучусу бул Токмок шаарындагы Чүй мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Лилия Филиппова болду.

Банк Лилияга экономикалык адиситиги боюнча контаркттык негиздеги колледжде окуусунун наркын төлөдү, ошондой эле ай сайын төлөнүүчү стипендияны белгиледи. Ал ушул окуу жайын ийгиликтүү аяктаса, үч жылдан кийин Лилияны ушул финансылык мекемеге жумушка кабыл алат.

«Биздин Банк – социалдык жактан жооптуу финансылык мекеме. Ошондуктан биз балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн алардын жакшы билим алуусуна, ал эми андан ары жумушка орношуусуна жардам берүүнү каалайбыз! Ошентип ушул жылдан тартып «Стипендия» аттуу символикалуу аталышы менен ушул долбоорду иштетип баштадык. Лиля – биздин биринчи студент жана биз чын дилибизден ага окуусунда жакшы ийгиликтерди каалайбыз», - деп «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Кабулов Айкын Темиртасович, ага салтанаттуу түрдө сертификатты тапшыруу учурунда белгилеп айтты.

«Ушундай мүмкүнчүлүк бергени үчүн Халык Банкка чоң ырахмат! Мен окуудан жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык болгон күч-аракетимди жумшайм», - деп Лиля банкка ыраазычылыгын билдирди.

Бул долбоор «Жетим балдарды коргоо укуктары» Коомдук фонду менен биргеликте иштетилет.

s1

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke