Көп каналдуу

29-октябрда биздин Банктын Ош филиалы«Дүйнөлүк аманаттар күнү-2019» алкагында Ачык эшик күнүн өткөрдү.Бүгүн бизге конокко Киров атындагы мектептин окуучулары келишти!

Окуучу балдар үчүн кызыктуу экскурсия өткөрүлдү, адистер банктык ишмердик тууралуу жана акча сактоону билүү керектиги тууралуу айтып беришти.«Дүйнөлүк аманаттар күнү-2019» күнүнүн девизи- «Кыялдар жакшы мүмкүнчүлүктөр болуп калат».Ошондуктан акчаларды сактоо менен өзүңдүн кыялыңды ишке ашыруу үчүн кантип көбүрөөк акча чогултуу керектиги тууралуу көп сөздөр айтылды.Кассалар түйүнүнүн түзүлүшү балдарды көбүрөөк кызыктырды, ошондой эле валюталардын детекторуна да алардын көңүлү кызыгуу менен бурулду. Ал эми эң акырында финансылык темада чакан викторина өткөрүлдү. Викторина аяктагандан кийин бардык окуучулар белек катары сувенирдикпродукцияларды алышты! Тагыраак айтканда, жолугушуу интерактивдүү форматта өттү. Биз окуучу балдардн позитивдүү энергетикасы менен кубаттанууну алдык, ал эми окуучулар бизден көптөгөн жаңы нерселерди билишти!

Маалымат үчүн:
«Дүйнөлүк аманаттар күнү» 95 жылдан бери бүткүл дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүп келет. Ал боюнча бардык иш-чаралардын башкы максаты жаштардын арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу болуп саналат. Кыргызстанда«Дүйнөлүк аманаттар күнү» КРУБнын жана Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар Фондунун колдоосунун алдында өткөрүлүп турат.

День открытых дверей

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke