Көп каналдуу

Факс

«Халык Банк Кыргызстан» ААК бүткүл дүйнө жүзү боюнча банк эсебин ачуу менен (SWIFT), эсеп ачпай туруп (Кыргызстан боюнча Банктын (филиалдар, аманат кассалары). бардык бөлүмдөрүнөн Wester Union, Юнистрим, Золотая корона, Moneygram, Contact жана Береке филиал аралык которуулар («Элдик которуу») акча которууларын жүргүзөт.

Акча которуу боюнча операциялар Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары боюнча жүргүзүлөт.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Сиздин которуулардын коопсуздугуна кепилдик берет жана аталган адамдын акча которуусун дароо алуусуна кепилдик берет.

Банк эсебин ачуу менен акча которуулары:

501 SWIFT тутуму – бул бир гана акча которуулары эмес, маалыматты эл аралык берүүнүн эң ири тармагы

 

SWIFT тутумунун артыкчылыктары:

· Бул маалыматтарды. акча которууларын абсолюттук ишенимдүү, оперативдүү, коопсуз жана мыкты берүү. Бул тармактын катышуучуларына брокердик фирмалар, банктар, биржалар ж.б. кирет;

· SWIFT тутумунун жардамы менен бардык акча которуулар дээрлик бардык кызматтар спектрин төлөө үчүн арзан (которуунун суммасы канча көп болгон сайын комиссия ошончолук арзан) жана ыңгайлуу: медициналык тейлөө, окуу, номерлерди брондоо, сатып алууларды төлөө, конференцияларга катышуу, турларды сатып алуу ж.б.);

· РФ рубли, АКШ доллары, тенге, EURO, япон йени менен жеке адамдарга жана юридикалык жактарга акча которуу мүмкүндүгү;

· Эсептен эсепке акча которуу мүмкүндүгү.

 

Эсеп ачуусуз акча которуулары:

401ЗОЛОТАЯ КОРОНА – бүт дүйнө боюнча токтоосуз дарексиз акча которуулар.

 

 

ЗОЛОТАЯ КОРОНА тутумунун негизги артыкчылыктары:

· Ылдамдыгы - акча которуусун аны жөнөткөндөн кийин бир нече секундда ала аласың;
· Золотая корона тутумунун тарифтик сеткасына ылайык которуу үчүн комиссия;
· Которууну РФ рублинде, АКШ долларында жана евро менен жүргүзүүгө болот;
· Ыңгайлуулук – дарексиз которуулар, б.а. алуучу которуунун өзү үчүн ыңгайлуу пунктун тандап ала алат;
· Тейлөө пункттарынын кенен тармагы;
· Которуунун абалын on-line режиминде, "Золотая Корона" тутумунун сайтынан текшерип алуу мүмкүндүгү жана пландаштырылган которуунун комиссиясын эсептөө мүмкүндүгү.

 

403WESTERN UNION – бүт дүйнө боюнча жүргүзүлгөн акча которуулары.

 

 

WESTERN UNION тутумунун негизги артыкчылыктары:

· Ар бир акча которуусу коопсуздуктун заманбап тутуму менен корголгон;
· Жаңы электрондук технологиялар жана глобалдык маалымат тармагы аларды жөнөткөндөн кийин бир нече минутадан кийин акча которууларын төлөөгө мүмкүндүк берет;
· Акча которууну пункттан банк эсебин ачпай туруп жиберүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк;
· Алуучу жана жөнөтүүчү үчүн жоболоштуруунун жөнөкөйлүгү;
· Western Union тутумунун тарифтик сеткасына ылайык которуу үчүн комиссия;
· АКШ доллары менен акча которуулары

 

402ЮНИСТРИМ – Россия жана бүткүл дүйнө боюнча акча которууларын жөнөкөй жана ишенимдүү жүргүзүү.

 

 ЮНИСТРИМ тутумунун артыкчылыктары:

· Банк эсебин ачпастан РФ рублу, АКШ доллары жана евро менен акча которууларын жүргүзүү;
· Которуу жүргүзүү үчүн жогорку ылдамдык;
· Россия жана бүт дүйнө боюнча тейлөө пункттары;
· Даректик жана даректик эмес которуулар;
· Юнистрим тутумунун тарифтик сеткасына ылайык которуу үчүн комиссия;
· Алуучу жана которуучу үчүн жоболоштуруунун жөнөкөйлүгү;
· Которуунун абалын on-line режиминде, Юнистрим тутумунун сайтынан текшерип алуу мүмкүндүгү жана пландаштырылган которуунун комиссиясын эсептөө мүмкүндүгү.

 

406 MONEYGRAM – бир нече минутада бүт дүйнө боюнча акча которуулары.

 

 

MONEYGRAM тутумунун артыкчылыктары:

· Ыңгайлуу – бүт дүйнө боюнча акча которуу же алуу мүмкүндүгү ( Россия,АКШ, Кытай, Африка, Италия ж.б.);
· Тез - жөнөтүлгөн акча алуучуда 10 минутадан кийин болот;
· Сиз которуу үчүн банктан эсеп ачып же банк картасын алуунун кереги жок;
· Ишенимдүү - MoneyGram бүт дүйнө жүзү боюнча 70 жылдан бери акча которуулары боюнча ишенимдүү кызмат көрсөтөт жана өзүн рынокто көрсөтө алды;
· MoneyGram тутумунун тарифтик сеткасына ылайык акча которуу үчүн комиссия.

 

contact2

CONTACT – бул жеке адамдардын ортосунда акча которууларын тез жүргүзүүчү технология.

 

CONTACT тутумунун артыкчылыктары:

· Жөнөтүүчүдөн анча чоң эмес комиссия (чет элдик валютада 0,1% баштап которуу);
· Банк акча которуусун аткаруусунун жогорку ылдамдыгы; 20 дан 30минутага чейин;
· Алуучу үчүн чыгымдардын жоктугу - ага акча которууну толук, кармоосуз беришет;
· Жеткирүүнүн ылдамдыгы чыныгы убакыт режиминде. Акча которуу убактысы жөнөтүү пункту менен алуу пунктунун саат алкагынын айырмасына жараша жүргүзүлөт, ошондой эле банктын иштөө режимине жараша;
· Номерге акча которуунун азыркы статусу туурасында sms-билдирүү;
· РФ рублу, АКШ доллары жана евро менен жөнөтүү;
· дарексиз төлөм - которууну CONTACТ бардык пунктунда Росиядан жана жакынкы чет мамлекеттерден алууга болот;
· Алуучу жана жөнөтүүчү үчүн жоболоштуруунун жөнөкөйлүгү.

CONTACТ тутуму боюнча бардык төлөм карталарын толтуруу.

Эгер Сиз банк катасын толтуруу зарылдыгы пайда болсо, анда Халык банктагы CONTACТ тутумунун жардамы менен жүргүзө аласыз. Муну үчүн банкка келип, картанын номерин гана көрсөтүү жетиштүү!

Бул кызматтын алкагында Сиз аткара аласыз:

1. Каалаган картага накталай акча салуу: MasterCard/Maestro, VISA, UnionPay, American Express жана Diners Club International, о.э. ЭЛКАРТ жана SMARTCARD.
2. Өзүңүздүн же башка адамдын картасына накталай акча салуу (досторго, туугандарга, анын ичинде чет өлкөдө жүргөндөргө).
3. Карта менен байланышкан насыяны төлөө.

Толуктоону рубль, АКШ доллары, евро менен жүргүзсө болот.

CONTACТ тутуму боюнча банк картасына акча которуу үчүн, Сизге төмөнкүлөр зарыл:

· Сиз үчүн ыңгайлуу болгон Халык банктын бардык филиалына же аманат кассасына келүү.
· Паспорттун номерин же картанын номери (маңдайкы бетинде) көрсөтүү.
· Которуунун суммасын жана комиссияны төлөө, кызматты төлөгөнү туурасында дүмүрчөк алуу.

Которуу үчүн комиссия:

· РФ банкынын карталарына: 1,5% + 20 RUB;
· Чет элдик банктардын карталарына: 1,5% + 50 RUB/2 USD/2 EUR;
· UnionPay картасы, Кытай: 1,5% + 2 USD.

Картага акча каражатынын эсептелүү мөөнөтү - кыска мөөнөттө.

CONTACТ тутуму боюнча бул кызмат Сизге бардык банк картасын тез жана ишенимдүү толтурууга мүмкүндүк берет!

 

berekeБЕРЕКЕ – Кыргызстан боюнча бир нече убакытта ишке ашырылуучу акча которуулары.

 

БЕРЕКЕ тутумунун артыкчылыктары:

· Акча каражатын которуулар эсеп ачуусуз жүргүзүлөт;
· Акча которуусун 5-10 минутанын ичинде алуу, ал кимден, кайдан келгенинен көз карандысыз.
· Комиссия акча которуучусу тарабынан төлөнөт;
· Которууну Айыл Банкынын, Капитал Банктын, Евразия - Аманат Банкынан, Дос-Кредобанктын, Кыргыз Инвестициялык -Кредиттик Банкынын, Кыргыз-Швейцар Банкынын, Кыргызкоммерцбанкынын, «Инвестиционный Банк «Чанг Ан» ААКтын, МФК «Инком» бардык бөлүмдөрүнөн ала аласыздар, ал кайсы бөлүмдөн которулганынан көз карандысыз;
· Которуулар улуттук да, чет элдик да валютада жүргүзүлө берет;
· Бир которуунун максималдык өлчөмү 900 000 СОМ ду же башка валютадагы анын эквивалентин түзөт: EUR, USD, RUB жана KZT;
· Которуу үчүн комиссия төмөнкү берилген таблицага ылайык жүргүзүлөт:

Акча которуу

валютасы

Акча которуунун

суммасы

Тариф
Кыргыз СОМу

0 дон 10 000 СОМго чейин

10 001 дон 30 000 СОМго чейин

30 001 до 50 000 СОМго чейин

50 001 СОМдон жогору

30 СОМ

40 СОМ

50 СОМ

суммадан 0,1%

Евро

500 EUR чейин

501 EUR жогору

0,5EUR,

суммадан 0,1%

АКШ доллары

500 USD чейин

501 USD жогору

0,5USD,

суммадан 0,1%

Россия рубли

30000 RUB чейин

30001 RUB жогору

30 RUB,

суммадан 0,1%

Казак теңгеси

100000 KZT чейин

100001 KZT жогору

100 KZT,

суммадан 0,1%

 

Кыргызстан боюнча "Элдик которуу" тутумундагы филиал аралык акча которуулары:

502

"Элдик которуу" акча которууларынын филиал аралык тутуму Банктын өздүк иштеп чыгуусу болуп саналат.

"Элдик которуу" акча которууларынын филиал аралык тутумунун колдонуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында, Халык-Банктын филиалдары жана аманат кассалары аркылуу акча которууларын дароо жөнөтүп жана ала алышат.

 

"ЭЛДИК КОТОРУУ" тутумунун өзгөчөлүктөрү:

· Акча которуу эсеп ачуусуз жүргүзүлөт;
· Акча которуусун 5 минутанын ичинде алууга болот;
· Комиссия акча которуучусу тарабынан гана төлөнөт;
· Которуулар улуттук валютада – СОМ, АКШ доллары менен – USD, евровалютада – EUR, россия рублинде – RUB жана казак теңгеси – KZT менен жүргүзүлөт;
· Бир которуунун максималдык өлчөмү улуттук валютада - 500 000 сом, АКШ долларында – 10 000 USD, евровалютада – 10 000 EUR, россия рублинде – 500 000 RUB жана казак теңгесинде – 1 500 000 KZT түзөт;
· Улуттук валютада акча которуу үчүн комиссия 20 000 сомго чейин – 20 сом (+2% НСП), 20 000 сомдон өйдө – которуунун суммасынан 0,1% (+2% НСП).
· Чет элдик валютада акча которуу үчүн комиссия:
АКШ доллары менен – суммадан 0,1%, min 0,5 USD;
евровалютада – суммадан 0,1%, min 0,5 EUR;
россия рубли менен – суммадан 0,1%, min 30 RUB;
казак теңгеси менен – суммадан 0,1%, min 100 KZT.

Бул кызмат боюнча дагы кенен маалыматты төмөнкү телефондор боюнча: +996 (312) 32-32-32, 56-56-56, 34-34-24, 68-68-68 же банктын филиалдарынан же аманат кассаларынан ала аласыздар.

501 narod 401 403
402 406 contact2 bereke