Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат борбору

Таласта жаңы дарек боюнча сактык кассасынын ачылышы

17.07.2024

Талас шаарында «Халык Банк Кыргызстан-Жайыл» филиалынын сактык кассасынын ачылышы болуп өттү.

Банктын жаңы кеңсесинде юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн бардык финансылык кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү:

  • насыялоо;
  • төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • банк эсебин ачуу жана тейлөө;
  • акча которууларды өлкө боюнча жана анын чегинен тышкары жөнөтүү;
  • акча-алмашуу операциялары ж. б.


Банк өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү улантууда.

Сактык кассанын иштөө режими:

Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин тыныгуусуз.

Сиздерди Талас шаары, Сарыгулов көчөсү, 59 дареги боюнча Банктын жаңы кеңсесинде күтөбүз.