Телефон номери боюнча «Тинькофф» мобилдик тиркемеси аркылуу «Халык Банк Кыргызстан» карталарына жана эсептерине которууларды заматта алыңыздар.
«Халык Банк» жана «Тинькофф Банк» Россиянын аймагында иштеп жана жашап жаткан биздин жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн ушул опцияны ишке киргизишти. Эми акча которууну жөнөтүү үчүн Банкка келбестен эле мобилдик тиркемени жүктөп алып, керектүү сумманы телефон номери боюнча онлайнда жөнөтүү жетиштүү. Акча дароо эле Халык Банктагы эсепке түшөт.
Комиссия: айына 20 000 рублга чейин акча которуулар акысыз жүргүзүлөт. Эгерде которуунун суммасы 20 000 рублден жогору болсо, которуунун суммасынан 1% комиссия алынат. Которуулар сомго алмаштыруу менен (конвертациялоо) рублдарда жүргүзүлөт. Учурдагы тариф жана комиссия, эгерде андайлары бар болсо, Тинькофф мобилдик тиркемесиндекоторуу экранында чагылдырылат.
Суроолор жаралса, Сиз 8008 кыска номери боюнча биздин байланыш борборубузга 24/7 бою кайрылсаңыз болот.