Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Банк жөнүндө маалымат

«Халык Банк Кыргызстан» ААК

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому  Visor International DMCC эл аралык инвестициялык топтун бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан макулдашылган бүтүм 2024-жылдын 18-апрелинде аягына чыккан. 

Казакстан Республикасынын банктык рыногунун лидерлеринин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АК «Кайрат Банк» АТАКтын 100 пайыз акцияларын сатып алгандан кийин уюшулган. (2004-жылдын 23-декабрь №076929 Юридикалык жакты мамлекеттик кайрадан каттоо күбөлүгү). 

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому кайрадан атын өзгөрткөнгө чейин аты «Кайрат Банк» Ачык типтеги акционердик коому болгон жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 1999-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын уюштуруунун алгачкы пионерлеринин бири - «Максат» АКБнын реструктуризация жолу менен уюшулган. 2001-жылдын мартынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-мартындагы №87 токтомуна ылайык, «Кайрат Банк» АТАКтын жападан жалгыз акционери КР Өкмөтү болгон жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген. 

2004-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кайрат Банк» АТАКты менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алынган. «Кайрат Банк» АТАКты менчиктештирүүнүн негизги максаты банктык ишке жаңы технологиялар менен натыйжалуу менеджменттин тажрыйбасын алып келе турган, банктын кийинки өнүгүүсүн камсыздай турган стратегиялык инвесторлорду тартуу максат кылынган. Тендер өткөрүлгөндөн кийин «Казакстандын Элдик Банкы» АК жеңүүчүсү болуп табылды.

2004-жылдын 5-октябрында Кыргыз Фондулук Биржасында «Кайрат Банк» АТАКтын 100% уставдык капиталын түзгөн 340 000 (үч жүз кырк миң) даана, номиналдык наркы 500 (беш жүз) сом болгон жөнөкөй акцияларын сатуу боюнча бүтүм мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети менен Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Аль-Фараби пр., 40, индекс 050059 дарегинде жайгашкан «Казакстандын Элдик Банкы» АК ортосунда ишке ашырылды.

Казакстан Республикасынын банктык рыногунун лидерлеринин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АК тарабынан «Кайрат Банк» АТАКтын акцияларын сатып алгандан кийин Банк КР Юстиция министрлигинде юридикалык жакты кайрадан каттоодон өткөрүү жүргүздү (2004-жылдын 23-декабрь №076929 Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо күбөлүгү) жана ошол учурдан баштап «Халык Банк Кыргызстан» ААК болуп атала баштады. 

Бүгүнкү күндө «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын башкы кеңсеси, төрт филиалы Бишкек шаарында жайгашкан, ал эми Ош шаарында, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында, Каракол шаарында, Кара-Балта шаарында жана Чолпон-Ата шаарында бирден филиалы бар. Сактык кассалары Бишкек, Ош, Өзгөн, Талас жана Кызыл-Кыя шаарларында орун алган. Мындан тышкары, Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Кара-Суу шаарларында көчмө сактык кассалары жайгашкан.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК депозиттер, насыялоо, валюталык операцияларды жана баалуу буюмдар менен операцияларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча лицензияга ээ. Калкка, уюмдар менен ишканаларга, өкмөттүк жана бейөкмөт мекемелерге банктык (каржылык) кызматтарды көрсөтүү тармагында ийгиликтүү банк болуп саналат.

Банк улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банктык операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ.

Ишмердиги боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын универсалдуу банк статусу бар жана өз ишин №044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзүп келет. Банктын мамлекеттер аралык эсептер боюнча кардарларды тейлөө үчүн Германиянын, АКШнын, Россия менен Казакстандын ири банктары менен корреспонденттик алакалар түзүлгөн.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК S.W.I.F.T. коомчулугунун мүчөсү болуу менен Кыргыз Республикасынын алгачкы коммерциялык банкы болуп саналат.