Көп каналдуу

Максаттуу топ Юридикалык жактар, жеке ишкерлер, мал чарба, өсүмдүк өстүрүү, балык, аары өстүрүү боюнча, ошондой эле дан, май, буурчак жана башкалар, сүт, балык, жемиштер, жашылчаларды ж.у.с. өстүрүү/кайра иштетүү/иштетүү боюнча ишмердик жүргүзүүчү дыйкан (фермердик) чарбалары
Кредиттер боюнча пайыздык чени

жылдык 6% - «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн (натыйжалуу пайыздык чени – жылдык 6,16% өйдө);

жылдык 8%багбанчылык менен иштеген субъекттер үчүн натыйжалуу пайыздык чени – жылдык 8,36% өйдө);

- асыл тукум мал сатып алуучу субъекттер үчүн;

жылдык 10% - "мал чарбасы" жана "өсүмдүк өстүрүү" тармагы үчүн (натыйжалуу пайыздык чени – жылдык 10,55% өйдө).

Кредиттин мөөнөтү

36 айдан ашык эмес мөөнөткө;

Багбанчылыкка, интенсивдүү токой өндүрүүгө, урук жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлө турган кайра иштетүүчү ишканаларга, күнөскана чарбасын ишке киргизүүгө, тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизүүгө, төлөп тындыруунун мөөнөтүн 60 айга чейин түзүүгө жол берилет.  

Кредиттердин суммасы боюнча чектөөлөр

- малчарба тармагы үчүн – бир карыз алуучуга 3 (үч) миллион сомго чейин;

- малчарба тармагы үчүн, тактап айтканда, асыл тукум мал же жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдуу сатып алууга – бир карыз алуучуга 10 (он) миллион сомго чейин;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы үчүн:

  • 20 же андан көп санда жумушчу орундары бар ишканалар үчүн бир карыз алуучуга150 (бир жүз элүү) млн. сом;
  • 20 чейинки санда жумушчу орундары бар ишканалар үчүн бир карыз алуучуга10 (он) млн. сомдон ашык эмес кредит берилиши мүмкүн;
Күрөө

Банктын талаптарына туура келген негизги жана кошумча күрөө катары кабыл алынат:

  1. коммерциялык/коммерциялык эмес дайындалыштагы кыймылсыз мүлк;
  2. айыл чарба дайындалышындагы күрөө жерлери, анын ичинде жерди узак мөөнөттүү ижарага алуудагы күрөө укугу (Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык);
  3. айыл чарба техникасы жана жабдуусу,
  4. автотранспорт;
  5. «Кепилдик Фонду» ААКнын кепилдиги
  6. жаныбарлардын бар экендиги жөнүндө айыл өкмөтү/кварталдык комитеттин маалым катынын (справка) негизинде, жаныбарлар;
  7. жеке мүлк (эмерек, турмуш-тиричилик техника).
«Мал чарба» тармагы

Кредиттер төмөнкүлөргө берилет:

  • Ири мүйүздүү мал сатып алууга;
  • Койлорду, эчкилерди, жылкыларды, коендорду сатып алууга жана төлдөтүүгө;
  • Үй канаттууларын (тоокторду, өрдөктөрдү, каздарды, страустарды, бөдөнөлөрдү жана башка айыл чарба канаттууларын) сатып алууга жана көбөйтүүгө;
  • Аарынын уяларын жана бал челектерди сатып алууга, анын ичинде аары балын жана аары момун (воск) өндүрүүгө;
  • Балыктарды сатып алууга жана көбөйтүүгө, балык питомниктери жана балык фермаларынын ишмердигине;
  • Асыл тукум малдарды сатып алууга:

- ИММ (КРС) (карала алатау, аул-ата, голштин, жерсей, симментал,айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц) топоздорду жана жылкыларды сатып алууга;

- Койлорду (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү,алай, гисар жана меринос).

  • Малдарды же жасалма уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алууга.

Ушул тармактын субъекттеринин айыл чарба жаныбарларын багуу жана көбөйтүү үчүн бардык керектүү шарттары, анын ичинде кыш мезгилинде тоюттарды сактоо үчүн да шарттары бар болушу керек.

Эскертүү: Айыл чарба техникасын сатып алууга кредиттерди берүүгө тыюу салынган.

«Өсүмдүк өстүрүү» тармагы

Кредиттер төмөнкүлөргө берилет:

  • Уруктарды, минералдык жер семирткичтерди, тоюттарды, айыл чарба техникаларына күйүүчү-майлоочу материалдарды жана запас бөлүктөрүн сатып алууга;
  • Күнөскана чарбаларын жүргүзүүгө;
  • Тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду каржылоого;
  • Дан, техникалык, бакча өсүмдүктөрү жана жашылчаларды өстүрүүгө;
  • Мөмөлөрдү жана жемиштерди өстүрүүгө; Багбанчылыкка, питомниктерди өнүктүрүүгө;
  • Интенсивдүү токой чарбасын өнүктүрүүгө;
  • Айыл чарбалык муктаждыктар үчүн жумуштардын акысын төлөөгө.

Өсүмдүк өстүрүү менен иштеген субъекттер, кредит алуу үчүн милдеттүү тартипте, ал жердин бар экендигин күбөлөндүрүүчү документи (мамлекеттик актысы, күбөлүгү, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) менен бирге айыл чарбалык дайындалыштагы менчик же ижарага алган жери болушу керек.

Эскертүү: Айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн кредиттерди берүүгө тыюу салынган.

«Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы

Кредиттер төмөнкүлөргө берилет:

  • Айыл чарба продукциясын (дан, буурчак, эт, тери, жүн, ири мүйүздүү жана кичине мүйүздүү малдын сүтүн ж.у.с.) кайра иштетүүгө;
  • Балык жана балык продукттарын кайра иштетүүгөжана консервациялоого;
  • Жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүүгөжана консервациялоого;
  • Өсүмдүктүн, малдын майларын жана малдын майларын өндүрүүгө;
  • Айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарды   даярдоого (өндүрүүгө);
  • Айыл чарба продукциясынан (анын ичинде айыл чарба продукциясынын экинчи сырьесунан) тамак-аш продукттарын, минералдуу суулардан башкасын, өндүрүүгө;
  • Айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерди жана азот кошулмаларын өндүрүүгө;
  • Айыл чарба продукциясын таңгактап каптоого, жыйноого жана сактоого, анын ичинде жашылчаларды сактоочу жайга;
  • Айыл чарба малдары жана канаттуулары үчүн мал союу цехтерине;
  • Кийиз жана кийиизден буюмдарды жасоого;
  • Айыл чарба продукциясын сатып алууларды, ташууларды жана сатууларды уюштуруу үчүн логисттик борборлорго.

Ушул тармактын алкагындагы өндүрүштүк циклдин бардык сатып алуу этаптарына, анын ичинде негизги жана жүгүртүү каражаттарына, ошондой эле эмгек акы төлөө фонддорун финансылоолорго каржыланышы мүмкүн.

«Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагынын катышуучулары КР бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде КР Салык кызматында жана СФдаталаптагыдай түрдө катталган болушу керек.

Кредиттерди рефинансылоо

Ушул Программанын алкагында карыз алуучулардын учурдагы болгон карызын рефинансылоо каралган эмес.

Кредиттик каражаттарды берүүгө байланыштуу комиссиялар

Каралган эмес

Кредиттерди максаттуу колдонуунун мониторинги

- кредитти алган мезгилден тартып 2 айдын ичинде кредиттик каражаттардын максаттуу колдонулгандыгы жөнүндө документалдуу түрдө тастыкталган тиркемеси менен (контракттар/келишимдер, счет-фактуралар жана/же накладнойлор, төлөнгөндүгү жөнүндө төлөм документтери ж.у.с.), кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгашалары жөнүндө отчеттор карыз алуучудан алынышы керек;

- кредиттик каражаттардын максаттуу колдонулгандыгы жөнүндө карыз алуучудан отчеттор алынгандан кийинки 3 айдын ичинде кредиттик эксперттермониторинг жүргүзүү үчүн бизнес жүргүзүлүп жаткан жерге барышат, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алар отчет түзүшөт.  

Кредиттин максатсыз пайдаланылгандыгы үчүн айып санкциялары Кредиттик каражаттар максатсыз колдонулган учурларда, кредит берилген мезгилден тартып пайыздарды кайра эсептөө менен сыйлыктын чени жылдык 30 пайыз деңгээлинде түзүлөт.
Кредитти максаттуу пайдаланууга карата документтерди берүүдө карыз алуучулардын (зайымчылардын) милдети. Каржыланган тармактын алкагында карыз алуучулар кредиттин максаттуу колдонулгандыгын тастыктай турган төмөнкү документтерди бериши керек:
  • Контракттардын/келишимдердин, малды сатып алуу-сатуу келишиминин же карыз алуучунун жашаган/катталган жери боюнча тийиштүү айыл өкмөтүнүн чарбалык китебине катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн милдеттүү түрдөгү белгиси менен малдын сатылып алынгандыгын тастыктоочу маалым каттын (справканын) көчүрмөлөрүн;
  • Айыл чарба продукциясынын экспортун (продукциясын экспорттоо менен иштеген чарбалык субъекттер үчүн) тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрүн;
  • Контракттардын/келишимдердин жана/же счет фактуралардын, накладнойлордун же сатылып алынган уруктар, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн (каражаттардын колдонулгандыгы жөнүндө отчету менен бирге берилиши керек) акысы төлөнгөдүгү жөнүндө тастыктоочу төлөм документтеринин   көчүрмөлөрүн;

 

Ушул кызмат көрсөтүү боюнча толук маалыматты Сиз Банктын филиалдарынан ала аласыз:

Байланыш телефондору:

Бишкек ш. : +996 (312)32-32-32, 56-56-56, 34-34-24,68-68-68;

Кара-Балта ш.: +996 (3133) 3-32-36, 3-29-42;

Ош ш.: +996 (3222) 5-58-00, 2-14-73;

Кара-Суу ш.: +996 (3222) 4-21-00, (3232) 5-00-85;

Жалал-Абад ш.: +996 (3722) 2-32-17, 5-09-83, (312) 29-30-39;

Чолпон-Ата ш.: +996 (3943) 4-23-41, 4-23-86.

Каракол ш.: +996 (3922) 5-51-41.

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke