Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Акциялар

"Дубайга карай жол": «Халык Банк» жана Red Petroleum кардарлары БАЭге (ОАЭ) эки кишилик жолдомо жана башка баалуу сыйлыктарды утуп ала алышат

19.12.2021

2021-жылдын 22-декабрынан 2022-жылдын 22-мартына чейин «Халык Банк Кыргызстан» ААК жана Red Petroleum май куючу жайлары өзүнүн кардарларынын арасында баалуу сыйлыктарды ойнотуп жатышат.

Акциянын негизги шарты – 2021-жылдын 22-декабрынан 2022-жылдын 22-мартына чейин өзүңүздүн автоунааңызга Red Petroleum май куюучу жайынан май куйуу, HalykPosKg тиркемеси аркылуу «Халык Банктан» VISA картасы менен төлөө.

Сыйлыктар үч этапта ойнотулат, мында ар бир этапта эң көп суммага күйүүчү май жана карта боюнча сатып алуу үчүн төлөгөн адам жеңүүчү болот.

1-этап – «Күйүүчү майдын каалаган түрүнүн 500 литрин ойнотуу». 2021-жылдын 22-декабрынан 2022-жылдын 21-январына чейин май куюнун минималдуу суммасы 4000 сомдон кем эмес болушу керек.

2-этап – "Смартфон ойнотуу". 2021-жылдын 22-декабрынан 2022-жылдын 21-февралына чейин май куюнун минималдуу суммасы акция башталгандан тартып биринчи эки айы өткөндөн кийин 9 000 сомдон кем эмес болушу керек.

3-этап – "Дубайга эки кишилик жолдомону ойнотуу". 2021-жылдын 22-декабрынан 2022-жылдын 22-мартына чейинки мезгилде май куюнун минималдуу суммасы акция башталгандан тартып алгачкы үч айдан кийин 14 000 сомдон кем эмес болушу керек.

Акциянын шарттарына ылайык, катышуунун бир катар эрежелери бар, атап айтканда:

  • Мурунку этаптардын жеңүүчүлөрү кийинки этаптарда сыйлык ута алышпайт;
  • HalykPosKg тиркемеси аркылуу төмөнкү май куючу жайлардан гана төлөй аласыз: «Жал», «Бишкек», «Ибраимов», «Набережная», «Кок Жар», «Айбек», «Тунгуч», «Ауэзов», «Лебединовка-1», «Алия»;
  • Red Petroleum жана «Халык Банка Кыргызстан» кызматкерлери, ошондой эле юридикалык жактар оюнга катышпайт.