Көп каналдуу

Факс

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Сиздин компаниянын кызматкерлерине эмгек акысын төлөө боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Эмгек акы долбоору эмнени түшүндүрөт?

Бул кызмат көрсөтүүлөр менен Банкка персоналга эмгек акы төлөө боюнча иштердин олуттуу бөлүгүн тапшырууну чечкен бардык  ишканалар жана уюмдар колдоно алышат. Бул үчүн ишканага биздин Банкта эсептик счет ачуунун кажети жок, анткени банк картасына эмгек акынын каражаттарын ишкананын кайсы болбосун эсептик счетунан которууга мүмкүндүк бар.

Банк эмгек акыны төлөө функциясын жогорку технологиялык деңгээлди, конфиденциалдуулукту. бардык банктык продукттар менен автоматтык түрдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн (кредиттөө, нак акчаны каалаган убакта жана ыңгайлуу жерде алуу ж.б.) камсыз кылуу менен өзүнө алат.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК төлөө карталарынын эмиссиясын Ишканага зарыл болгон санда жүргүзөт. Банк Ишкананын кызматкерлеринин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзөт.

Инфраструктура нак акчаны берүүгө арналган банкоматтардан жана соода, сервис пункттарында эл аралык пластик карталарынын ээлерин тейлөөгө арналган терминалдардан турат.

 «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Эл аралык төлөө карточкасы – нак акчаны алуунун ыңгайлуу мүмкүндүгү жана өз акча каражаттарыңызды натыйжалуу башкаруунун финансылык куралы гана эмес, заманбап банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун ачкычы.

 «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын карамагында:

Төлөө карталарын тейлөөнүн мыкты жайылтылган инфраструктурасы, б.а. Банктын Бишкек шаарындагы жана региондордогу филиалдарында 27 банкоматы бар.

 «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Эмгек акы долбоору боюнча 2400 дөн  ашык адам тейленет.

Халык Банктын карточкасы менен Сиз VISA эл аралык карточка системасынын жана ЭЛКАРТ системасынын таануу стикери менен жабдылган кайсы болбосун банкоматтан нак акча ала аласыз.

Уюмдар жана ведомстволор үчүн эмгек акы долбоорлорунун алкагында тарифтерди(п.6.11)аныктоодо жеке мамиле камсыздалат.

Эмгек акы долбоорунун уюм жана уюмдун кызматкерлери үчүн артыкчылыктары:

Сиздин Ишканаңыз үчүн артыкчылыктар:

  • Акчаны жеткирүүдөгү тобокелдиктердин төмөндүгү;
  • Кызматчыларга төлөөнүчү эмгек акыны борборлоштурулган түрдө алардын пластик карталарына которуу (эмгек акыны төлөө ишкананын аймагынан жана иш убагынан сырткары жүргүзүлүп, жөнөкөйлөтүлөт);

Кызматчылар үчүн кошумча артыкчылыктар:

  • Эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды жана башка төлөөлөрдү каалаган убакта жана ыңгайлуу жерде алуу мүмкүндүгү;
  • Акчаны өз убагында Банк, Банктын банкомат тармагы жана POS-терминалдары аркылуу алуу;
  • Кызматчынын орточо бир айлык эмгек акысынын 70%ына чейинки өлчөмдөгү кредиттик лимит алуу мүмкүндүгү;
  • Үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча карточкаларды даярдап чыгаруу;
  • ·Бүт дүйнө жүзүндөгү соода түйүндөрүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу.

Эмгек акысы долбоорун жүзөгө ашыруунун этаптары:

1. Уюм менен Банк кызматташуу жөнүндө Келишим түзүшөт.

2.  Уюм Банкка уюмдун кызматчыларынын тизмесин фамилиясын, атын, атасынын атын жана паспорттук маалыматтарын  көрсөтүп, күбөлөндүрүлгөн (кагаз жүзүндөгү)  документ түрүндө жана карточканы берүү үчүн бекитилген формадагы файл түрүндө өткөрүп берет.

3.   Банк Уюмдун кызматчыларына өздүк карт-счетторду ачат. Счетторду жазып-каттоо кызматчылардын төлөө карталарын алууга жазган арыздарынын, келишимдеринин, инсандыгын тастыктаган ддокументтеринин көчүрмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

4. Уюм ай сайын Банкка эмгек акы катары төлөнүүчү акча каражаттарын которот, ошондой эле, кызматкерлердин тизмеси, алардын карт-счеттору жана төлөнүүчү суммалары көрсөтүлгөн реестрди тиркейт.

5. Банк акча каражаттарын Уюмдун кызматчыларынын счетторуна которууну төлөө табыштамасы берилген убактан тартып, бир нече сааттын аралыгында жүзөгө ашырат.

6. Уюмдун кызматчылары банкоматтардын жана нак акча берүү пункттарынын тармагын пайдалануу менен акча каражаттарын өздөрүнө ыңгайлуу убакта  алышат.

 «Халык Банк Кыргызстан» ААК долбоорду жүзөгө ашыруунун даярдык көрүү этабында Ишкананын кызматчылары менен жолугушууларды өткөрүп, Эмгек акы долбоору, эл аралык VISA пластик карталарынын жана ЭЛКАРТ пластик карталарынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө аларды кызыктырган бардык маалыматтарды беришет.

Эмгек акы долбоорунун алкагында Банк Уюмдун кызматчыларына Уюмдун кепилдигинин алдында кредиттик лимиттерди берүүгө даяр.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, «Халык Банк Кыргызстан» ААК Сиздин Уюмду тейлөөдө оперативдүүлүктү жана жеке мамиле көрсөтүүнү камсыздоо үчүн бардык күчүн жумшоого даяр.

Кененирээк маалыматты Сиз : +996 (312) 32-32-22, 56-56-56, 34-34-24, 68-68-68 телефондору аркылуу, же Банктын  филиалдарынан, же  сактык кассаларынан биле аласыздар.

501 narod 401 403
402 406 contact2 bereke