
Урматтуу Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!
«Халык Банк Кыргызстан» ААКы төмөнкү дарек боюнча жайгашкан №044-07-14 жаңы аманат кассасынын ачылгандыгын билдирет: Ноокат шаары, Алимбаев көчөсү, номерсиз (мурдагы Калинин).
Иштөө графиги:
Дүйшөмбү - жума, 8.30 дан 16.00 га чейин, тыныгуу 12.00 -13.00.
Дем алуу күндөрү - ишемби, жекшемби
Аманат кассасы төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
• Төмөнкү тутумдар боюнча акча которуулары: Золотая Корона, Western Union, Юнистрим, MoneyGram,
SWIFT которуулар;
• Кыргызстандын ичинде «Народный» тутуму боюнча акча которуулар;
• бизнести өнүктүрүүгө насыялар;
• Visa жана ЭлКарт төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө;
• Акча алмаштыруу;
• депозиттерди кабыл алуу;
• Жеке адамдардын эсептерин ачуу жана тейлөө.
Кененирээк маалымат алуу үчүн (3230) 5-00-82 телефонуна чалыңыздар.
Биз сиздерди күтөбүз!














