Көп каналдуу

    Бир нече мүнөттө миңдеген чакырымдар! Халык Банктан которулган акчалар ушундай ылдамдык менен учат. Биз кубануу менен Сиздерге дүйнөнүн каалаган жерине акча которуунун ылдам жана жөнөкөй ыкмаларын сунуштайбыз.

    Акча которуулар

    Акчага кесипкөйлөрдүн көңүл буруусу жана камкордугу зарыл. Ошондо алар күн эмес, саат сайын көбөйүп, көздү кубантып жана эртеңки күнгө ишеним берет.

    Депозиттер

    Акча которууларды жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүдө өзүңүздүн күндөлүк эсептериңизди башкаруу үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу курал.

    Интернет-банкинг

    Пресс-центр

    plast cart

    Эгерде Сизде банк картасын толтуруу зарылдыгы пайда болсо, анда Халык Банк Кыргызстандагы CONTACT тутуму менен аткара аласыз. Муну үчүн банкка келип, картанын номерин гана көрсөтүү жетиштүү.

    Бул кызматтын алкагында Сиз аткара аласыз:

    1. Каалаган картага накталай акча салуу: MasterCard/Maestro, VISA, UnionPay, American Express жана Dinners Club International, ошондой эле ЭЛКАРТ жана SMARTCARD.
    2. Өзүңүздүн же башка адамдын картасына накталай акча салуу (досторго, туугандарга, анын ичинде чет өлкөдө жүргөндөргө).
    3. Карта менен байланышкан насыяны төлөө.

    Толуктоону рубль, АКШ доллары, евро менен жүргүзсө болот.

    CONTACТ тутумуну боюнча банк картасына акча которуу үчүн, Сизге төмөнкүлөр зарыл:

    · Сиз үчүн ыңгайлуу болгон Халык банктын бардык филиалына же аманат кассасына келүү.
    · Паспорттун номерин же картанын номери (маңдайкы бетинде) көрсөтүү.
    · Которуунун суммасын жана комиссияны төлөө, кызматты төлөгөнү туурасында дүмүрчөк алуу.

    Которуу үчүн комиссия:

    · РФ банкынын карталарына 1,5% + 20 RUB;
    · Чет элдик банктардын карталарына: 1,5% + 50 RUB/2 USD/2 EUR;
    · UnionPay картасы, Кытай: 1,5% + 2 USD.

    Картага акча каражатынын эсептелүү мөөнөтү - кыска мөөнөттө.

    CONTACТ тутуму боюнча халык Банктын жаңы кызматы Сизге бардык банк картасын тез жана ишенимдүү толтурууга мүмкүндүк берет!

    Банктын Сизге жакын жердеги филиалдарынын жана аманат кассаларынын даректери.

    501 narod 401 403 402
     faster 1 406 contact_2 bereke