Көп каналдуу

    Бир нече мүнөттө миңдеген чакырымдар! Халык Банктан которулган акчалар ушундай ылдамдык менен учат. Биз кубануу менен Сиздерге дүйнөнүн каалаган жерине акча которуунун ылдам жана жөнөкөй ыкмаларын сунуштайбыз.

    Акча которуулар

    Акчага кесипкөйлөрдүн көңүл буруусу жана камкордугу зарыл. Ошондо алар күн эмес, саат сайын көбөйүп, көздү кубантып жана эртеңки күнгө ишеним берет.

    Депозиттер

    Акча которууларды жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү жүргүзүүдө өзүңүздүн күндөлүк эсептериңизди башкаруу үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу курал.

    Интернет-банкинг

    Пресс-центр

    2016.09.02

    Алматы, 2-сентябрь, 2016-жыл. – Евразия өнүгүү банкы (ЕАӨБ) «Халык Банк Кыргызстан» ААКына 5 млн. доллар өлчөмүндө насыя линиясын ачты. Келишимге 2016-жылдын 2-сентябрында ЕАӨБнын активдер жана пассивдер боюнча Башкаруучу директору Дмитрий Ладиков-Роев жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Башкармалыгынын төрайымы Кастору Мамытова кол коюшту.

    Насыя ЕАӨБнын каржы институттарына максаттуу насыя линияларын ачуу аркылуу микрокаржылоону колдоо программасы боюнча берилүүдө. «Халык Банк Кыргызстан» ААК каржылоо үчүн субзайымчыларды – ЕАӨБ талаптарына шайкеш келчү жеке ишкерлер менен компанияларды тандоону өз алдынча жүргүзөт. Келишим шарттарына ылайык, насыялоо АКШ доллары же рубль менен жүргүзүлөт.

    ЕАӨБ жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ортосундагы долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасында микро- жана чакан бизнестин туруктуу өнүгүүсүнө, атаандаштыкты өнүктүрүү аркылуу өндүрүш көлөмүн жогорулатып, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассортиментин кеңейтүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болот. Ошентип, микро- жана чакан бизнести колдоо аркылуу Кыргыз Республикасында базар экономикасын өнүктүрүү жетишилет.

    Жаңы макулдашуу – бул эки каржы институтунун ийгиликтүү кызматташтыгынын уландысы. Эскерте кетсек, 2013-жылы 5 млн долларлык макулдашууга кол коюлган, андан 400дөн ашуун микро- жана чакан бизнес субъектиси каржыланып, республикадагы болгон жумуш орундарын сактап калууга жана өндүрүш көлөмүн жогорулатууга шарт түзүлдү.

    Маалымдама

    Евразия өнүгүү банкы (ЕАӨБ) 2006-жылдын январында Россия жана Казакстан тарабынан базар экономикасынын өнүгүшүнө, мүчө-мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жана өз ара соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында түптөлгөн эл аралык каржы уюму. ЕАӨБнын уставдык капиталы 7 млрд. долларды түзөт. Банктын мүчө-мамлекеттери Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы.
    ЕАӨБ тууралуу кененирээк маалымат http://eabr.org/ сайтында.

    «Халык Банк Кыргызстан» Казакстандын Элдик банкынын Halyk Group каржы тобуна кирет. 2004-жылы "Кайрат Банк" АООТнын акциясынын 100% Казакстан Республикасынын банк рыногундагы лидерлердин бири «Казакстандын Элдик Банкы» АКнан сатып алгандан кийин түзүлгөн. Баш кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, Бишкекте төрт, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кара-Балта, Чолпон-Ата шаарларында бирден филиалы бар, ошондой эле Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Өзгөндө сактык кассалары бар.

    ЕАӨБ маалымат-борборунун контакттары:
    +7 (727) 244 05 45 доб. 6147 (Алматы)
    +7 (495) 645 04 45 доб. 2724 (Москва)
    Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

    501 narod 401 403 402
     faster 1 406 contact_2 bereke