«Халык Банк Кыргызстан» ААК
акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун
протоколу - жалгыз акционер - «Народный Банк Казахстана» АКнын чечими
Алматы ш. 2017-жылдын 31-марты.
Өткөн жери:
Казакстан Республикасы, Алматы ш., Аль-Фараби пр., 40 үй, «Народный Банк Казахстана» АКнын имараты, 2017-жылдын, 31-марты.
Каттоонун башталышы: 14:00
Чогулуштун башталыш убактысы: 15:00
Чогулуш жабылган убактысы: 17:30
Акционерлердин баары: 1
Таандык акциялардын саны: 1 200 016 даана
Катышканы: 1
Добуш берүүчү акциялар сан менен:1 200 016 даана
Түзгөнү: 100%.
Күн тартиби:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун жүргүзүү тартибин аныктоо жөнүндө жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун протоколуна кол коюуга ыйгарым укуктуу кишини аныктоо жөнүндө.
- 2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ишинин жыйынтыктарын (2016-жыл үчүн жылдык отчет, пайдалар жана зыяндар жөнүндөгү отчеттор, 2016-жыл үчүн финансылык пландын аткарылышы жөнүндөгү отчет, «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Башкармалыгынын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү отчет) бекитүү жөнүндө.
- 2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын пайдаларын бөлүштүрүү жөнүндө.
- 2016-жылы «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү Отчетту кароо жөнүндө.
- 2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Текшерүү комиссиясынын Отчетун кароо жөнүндө.
- 2016-жылы үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын аудити боюнча Комитеттин иши жөнүндөгү Маалыматты кароо жөнүндө.
- МСФОнун стандарттары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн 2017-жылга «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Бизнес-планын (бюджетин) бекитүү жөнүндө.
- 2017-финансылык жылга «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын тышкы аудиторун шайлоо жана анын кызматына төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
- «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
- «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
- «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
ЧОГУЛУШТУН ЧЕЧИМИ:
1. Токтом кабыл алынды:
«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлсүн, Шаяхметова Үмүт Болотхановнаны «Народный Банк Казахстана» АКнын башкармалыгынын Төрагасы, “Халык Банк Кыргызстан” ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун төрагасы болуп шайлансын жана ага «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
2. Токтом кылынды:
2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ишинин жыйынтыктары, анын ичинде жылдык отчет, пайдалар жана зыяндар жөнүндөгү отчет, 2016-жылы үчүн МСФОнун стандарттары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн финансылык пландын аткарылышы жөнүндөгү отчет, «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Башкармалыгынын ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү отчет бекитилсин.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
3. Токтом кылынды:
2016-жылдын жыйынтыктары боюнча «Халык Банк Кыргызстан» ААК тарабынан алынган 68 852 458,73 (алтымыш сегиз миллион сегиз жүз элүү эки миң төрт жүз элүү сегиз) кыргыз сому 73 тыйын өлчөмүндөгү пайда төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- 2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ишинин жыйынтыктары боюнча дивиденддер төлөнбөсүн;
- 68 852 (алтымыш сегиз миң сегиз жүз элүү эки) кыргыз сому өлчөмүндөгү таза пайданын 0,1 пайызы капиталдык резервди түзүүгө багытталсын;
- 68 783 606,73 (алтымыш сегиз миллион жети жүз сексен үч миң алты жүз алты) кыргыз сому 73 тыйын өлчөмүндөгү калган таза пайда «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын курамында калтырылсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
4. Токтом кылынды:
- 2016-жылы «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү отчету бекитилсин.
- «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңишинин иши канааттандыраарлык деп таанылсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
5. Токтом кылынды:
2017-жылдын 01-январына карата «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Текшерүү комиссиясынын отчету бекитилсин.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
6. Токтом кылынды:
2016-жыл үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын аудити боюнча Комитеттин иши жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
7. Токтом кылынды:
2017-жылга «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын МСФОнун стандарттары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн Бизнес-планы (бюджети) бекитилсин.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
8. Токтом кылынды:
- “Делойт и Туш” ЖЧК компаниясы 2017-финансылык жылга «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын тышкы аудитору болуп шайлансын.
- 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча финансылык отчеттуулуктун аудити үчүн «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын тышкы аудитору “Делойт и Туш” ЖЧКнын сыйлык акысы бардык салыктар жана кошумча чыгашалар эске алынуу менен 2 556 410 (эки миллион беш жүз элүү алты миң төрт жүз он) кыргыз сомунан ашпаган өлчөмдө аныкталсын; «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын финансылык отчеттуулуктун атайын максаттагы аудити үчүн кошумча кызматтарды кошкондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык салыктарды эсепке алганда 14 000 (он төрт миң) АКШ долларынын эквивалентинен ашпаган өлчөмдө, төлөнгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын курсу боюнча кыргыз сомунда аныкталсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
9. Токтом кылынды:
1. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешин бир жылдык мөөнөт менен төмөндөгүдөй курамда шайлансын:
- Талпаков Аслан Бактыгереевич – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Бородовицына Анна Васильевна – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Медетов Жаймухан Максутович – Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү;
- Иванова Тамара Павловна – Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү;
- Асанбеков Нурбек Укубаевич – Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү;
2. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө кварталдык негизде төлөнүүчү бир айлык сыйлык акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин 138 000 (бир миң отуз сегиз миң) тенге эквиваленти өлчөмүндө төлөнгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын курсу боюнча кыргыз сомунда белгиленсин.
3. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү менен ушул чечимде белгиленген тартипте жана өлчөмдө сыйлык акыны төлөө каралган тийиштүү келишимдер түзүлсүн.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
10. Токтом кылынды:
«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын аудити боюнча комитеттин төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
- Асанбеков Нурбек Укубаевич – Аудит боюнча Комитеттин төрагасы;
- Медетов Жаймухан Максутович – Аудит боюнча Комитеттин мүчөсү;
- Иванова Тамара Павловна – Аудит боюнча Комитетин мүчөсү.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).
11. Токтом кылынды:
«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн бир жылдык мөөнөт менен төмөндөгүдөй курамда шайлансын:
- Хон Ольга Юрьевна – «Народный Банк Казакстана» АКнын капитал башкаруу Департаментинин узак мөөнөттүү инвестициялар Башкармалыгынын начальниги – Текшерүү комиссиясынын Төрагасы;
- Бектемисов Азиз Кайратович – «Народный Банк Казакстана» АКнын капитал башкаруу Департаментинин узак мөөнөттүү инвестициялар Башкармалыгынын башкы менеджери – Текшерүү комиссиясынын мүчөсү;
- Васильева Елена Витальевна – «Народный Банк Казакстана» АКнын бухучет жана отчеттулук Департаментинин бухучет жана финансылык отчеттуулук Башкармалыгынын улук менеджери – Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары:
«МАКУЛ» - 1 200016 добуш (100% - добуш берилүүчү акциялар).















