
«Халык Банк Кыргызстан» ААКы ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынын бардык
колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 96 – Горький көчөсүнүн кесилишиндеги «ВЕКО» дүкөнүндө жайгашкан банкомат Бишкек ш., Медеров көчөсү, 44/1 – Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишиндеги «Оптомаркет Бишкек» дүкөнүнө көчүрүлгөндүгү тууралуу маалымдайт. Сиз банкоматтын кызматы менен каалаган күнү саат 8.00 дон 23.00 го чейин колдоно аласыз.
«Халык Банк Кыргызстан» ААКы кардарларга ЭЛКАРТ жана VISA системасынын төлөм карталарын чыгарууну жана төмөндөгү кошумча кызматтын кеңири тармагын сунуштаарын эскертет:
Товар жана кызматтарды накталай эмес формада төлөө;
Үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча карталарды чыгаруу;
Ар бир эмгек акынын суммасынын 70%га чейинки өлчөмүндө кредиттик чектөөнү аныктоо (Банктын эмгек акы долбоорунун катышуучулары үчүн);
“Элдик” программасынын негизинде 3 жыл мөөнөткө керектөөлөр үчүн 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү Экспресс-насыясын алуу (Банктын эмгек акы долбоорунун катышуучулары үчүн;
Сиздин уюлдук телефонуңузга келүүчү SMS билдирүүлөр аркылуу Сиздин карталык эсеп тууралуу маалыматтарга дайыма жеткиликтүүлүк (кызмат Beeline, MegaCom абоненттерине жеткиликтүү).
Ушун менен бүгүнкү күндө «Халык Банк Кыргызстан» 27 банкоматты тейлейт. Тизме менен бул жерден таанышсаңыз болот.















