
Биз бул иш-аракетти, банк өз ишмердүүлүгүндө ачык жана айкын экендигин, жана ар бир адам, жада калса бала дагы банктын кызматтары менен колдоно ала тургандыгын көрсөтүү максатында өткөрдүк.
Жолугушуу интерактивдүү формада өттү – суроолор берилип, туура жоопторго брендделген эскерилүүчү белектер берилди.
Банктын кызматкерлери балдарга ким биринчи банкир болгондугу, алгачкы акчалар качан жана кайсы өлкөдө пайда болгондугу, алгач банктарда кандай кызматтарды көрсөткөндөрү, кийинчерээк кайсы кызматтар пайда болгондугу, кардарларга кандай кызматтар көрсөтүлө тургандыгы, жеке жактар менен юридикалык жактарды тейлөө эмнеси менен айырмалана тургандыгы, насыялардын кандай түрлөрү бар жана алардын айырмачылыгы тууралуу кызыктуу окуяларды айтып жана акчаны кантип жеңил жана оңой санай тургандыгы, чыныгы эмес валютаны кантип аныктоо ж.б тууралуу көргөзүп беришти.
Ошондой эле, биз, финансы жактан сабаттуу болуу маанилүү экендиги тууралуу айтып бердик. Өз кирешени гана эмес, чыгашаны да пландаштырууну билүү керек.
Балдар биздин кызматкерлерди кызыгуу менен угушту. Себеби, банкирлер менен бирдей деңгээлде сүйлөшүү, ыңгайсыз суроолорду берүү жана чыныгы банкирлер кантип жооп бере тургандыгына көңүл бөлүү дайыма эле мүмкүн эмес!
Бүгүнкү күндө "Халык Банк Кыргызстан" ААКы юридикалык жактарга насыялардын төмөндөгү программаларын сунуштайт:















