«Халык Банк Кыргызстан» ААК ар жылы өткөрүлө турган жакшы салтын улантуу менен Карылар күнүнө карата кайрымдуулук акциясын уюштурду. Ал жерде банктын филиалы бар болгон ар бир региондо: Бишкек, Кара-Балта, Ош, Кара-Суу, Жалал-Абад, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында өттү.
Банктын кызматчылары пенсионерлердин үйлөрүндө болушуп, айрымдарын филиалдын өзүнө чакырышты. Ар бир пенсионерге кичинекей белек катары акчалай конверт тапшырылды.
Биз улуу муундарды алардын акылмандыгы жана тажрыйбалары үчүн баалайбыз! Биздин бардык чоң эне, чоң аталарга бекем ден соолук жана бактылуу узун өмүр каалайбыз!
















