Бүгүнбиз Ош шаарынан «Стипендия» долбоорунун экинчи катышуучусу Жыргалбек кызы Мээримди кубануу менен сиздерге тааныштырабыз. Ал – сүрөттө Ош шаарындагы биздин филиалдын директору Мирлан Курманбекович Шоноев менен бирге түшкөн.
"Халык Банк Кыргызстан" бирнече ай мурда ушул демилгени ишке ашыра баштаганын эсиңиздерге сала кетели. Анын идеясы, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана жашоо-турмуштун татаал жагдайына кабылган балдарды окутуудан турат. Долбоордун биринчи катышуучусу Токмок шаарындагы Чүймектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Лилия Филиппова болгон.
Эми агаМээрим да кошулду. Биздин банк анын Ош Мамлекеттик университетинин алдындагы финансылык-юридикалык колледждин «Банк иши» адистиги боюнча анын окуусунун акчасын төлөп берди, ошондой эле ага ай сайын төлөнүүчү стипендия дайындады. Ал окуусун аяктагандан кийин Мээримди бизге ишке кабыл алууга абдан кубанычта болобуз.
Биз - социалдыкжоопкерчиликтегибанк болуп эсептелебиз. Жана ушундай долбоорлорго катышуу биз үчүн өтө маанилүү болуп саналат.
*Долбоор «Жетим балдарды коргоо укуктары» Коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
















