Урматтуу кардарлар,
«Pay24» төлөм системасы менен биздин Банк кызматташа баштагандыгы тууралуу Сиздерге билдирүүгө абдан кубанычтабыз.
Сиздерде эми бүтүндөй Кыргызстан боюнча 2600 ашык төлөм терминалдарынан эсептерди толуктоону жана кредиттерди төлөп тындырууну күнү-түнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
«Pay24» терминалдарында «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын эки иконкасы бар экендигинбелгилеп кетебиз:
✅Эсепти толуктоо,
✅Кредитти төлөп тындыруу.
Бул операцияны жүргүзүү абдан оңой. Болгону өзүңүздүн жеке эсебиңизди (мисалы: 1234567891011121) терип алуу керек жана керектүү каражаттарды салуу керек. «Pay24» төлөм терминалдары бардык ири соода борборлорунда, супермаркеттерде жана эл көп болгон башка түйүндөрдө бар.
➡Төлөмдүн минималдуу суммасы – 20 сом.
➡Максималдуу суммасы (күндүзгү лимит) – 70 000 сом.
➡Комиссия – ар бир транзакциядан 3%.















