«Халык Банк Кыргызстан» башка өнөктөш-банктар менен биргеликте КыргызстанБанктар Бирикмесинин кайрымдуулук жардам чогултуу демилгесин колдоду, бардыгы болуп 9,5 миллион сом чогултулду, аларга 100 кычкылтек концентраттары, 6 ИВЛ аппараты жана 1000 пульсоксиметр сатып алынды.
Бул аппараттар биздин өлкөнүн бардык облустарына жөнөтүлдү жана Саламаттыкты сактоо министрилиги менен бирге бекитилген тизмелерге ылайык облустук, райондук ооруканалар, УБМБ (ЦСМ) боюнча бөлүштүрүү үчүн саламаттыкты сактоонун облустук координаторлоруна түз өткөрүлүп берилет.
Ушул кайрымдуулукакциясында «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын салымы 1 млн. 476 миң сомду түзөт. Анын бир миллион сому Банктын каражаттарынан, ал эми калган бөлүгү – ушундай кыйын учурда алар да өлкөгө жардам берүүнү каалаган кызматкерлердин эмгек акысынан ыктыярдуу түрдө которулганын белгилей кетүүгө болот.
Ушул жылдын жазында Банк өлкөнүн ар кайсы региондорундагы 339 медиктерге жалпы 1 млн. 424 миң сом суммасындагы акча каражаттарды түз эле дарыгерлердин карталарына которуу жолу менен жардам көрсөткөнүн да эскере кетсек болот.















