Урматтуу кардарлар!
«Халык Банк Кыргызстан» ААК өз кардарларына кам көрүү жана мыкты төлөм сервистерин көрсөтүү максатында өз процессингдик борборун ишке киргизип жатат.
Буга байланыштуу, 2024-жылдын 22-апрелинде саат 23:30да пландаштырылган техникалык жумуштар жүргүзүлөт.
Банктын төлөм карталары жана түзүлүштөрү боюнча операциялар убактылуу жеткиликсиз болот.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК өз операцияларыңызды (төлөмдөрдү, акча которууларды, коммуналдык кызматтарга төлөмдөрдү) алдын ала пландаштырып алууну сунуштайт.
Кандайдыр-бир суроо жаралган учурда, 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылсаңыз болот.