Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

#StaySafeWithHalyk

Сиздин коопсуздук – 

биздин башкы приоритетибиз

Банк Сиздин маалыматтарыңыздын корголушуна жана акча 

каражаттарынын сакталышына кепилдик берет, бирок

алардын коопсуздугу биринчи кезекте Сизден көз каранды


Алдамчылардан коргонуу боюнча негизги сунуштар

                                                                                                                                                                                                 Интернетте

  • Интернет-ресурстардын шектүү шилтемелери боюнча кирбеңиз;
  • Банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына гана ишениңиз;
  • Шектүү сайттарда SMS-кодду, банктык карталардын маалыматтарын, Halyk, Элкарт Мобайл тиркемелериндеги жана башка электрондук капчыктардагы/мобилдик банкингдердеги логиндериңизди жана паролдоруңузду киргизбеңиз;
  • Сайт менен байланыш шифрлөө менен корголгонун текшериңиз (https префиксинин болушу);
  • Сайттын дарегинин тууралыгын текшериңиз (алдамчы сайттын дареги визуалдык жактан окшош, бирок бир символго айырмаланышы мүмкүн). Текшерилген сайттын дарегин өзүңүз киргизип, аны кыстармаларга кошуп коюуну сунуштайбыз;

                                                                                                                                                                                                        Телефон аркылуу

  • Эч качан чалуучунун, ал өзүн ким деп тааныштырбасын, көрсөтмөлөрүн аткарбаңыз;
  • Бейтааныш адамдарга айтпаңыз:
    • бир жолку SMS-кодду;
    • банктык картанын маалыматтарын (номерин, колдонуу мөөнөтүн, (картанын арткы бетиндеги) CVV2/CVC2-кодун, PIN-кодду);
    • жеке маалыматтарды (толук аты-жөнүңүздү, ИСН, паспортуңуздун номерин жана сериясын);
    • Halyk, Элкарт Мобайл тиркемелердеги же башка электрондук капчыктардагы жана мобилдик банкингдердеги логиндериңизди/паролдоруңузду;
  • Бейтааныш адамдардын өтүнүчү боюнча үчүнчү тараптын программаларын жана тиркемелерин орнотпоңуз;
  • Бейтааныш телефон номерин Halyk, Элкарт Мобайл тиркемелерине жана башка электрондук капчыктарга/мобилдик банкингдерге байлабаңыз;

Карта менен төлөгөндө

  • Halyk тиркемесинде Push-билдирүүлөрдү (“Өздүк кабинет” бөлүмү (“Башкы бет” панелиндеги ФАА басыңыз) - слайдды оң жакка “Push-билдирүүлөрдүн” карама-каршы жагына жылдырыңыз) жана/же «Мобилдик банкинг» кызматын карталык операциялар боюнча SMS-билдирүүлөр пакети менен иштетиңиз.
  • Картанын жоголгонун билериңиз менен, аны бөгөттөңүз:
  • Halyk тиркемесинде (“Башкы бет” панели – “Коопсуздук” бөлүмүндө картаны тандап, “Картаны бөгөттөө” баскычын басыңыз жана аракетти тастыктаңыз);
  • Байланыш борборуна төмөнкү номер боюнча кабарлаңыз: 8008 | +996 706 988-330 (WhatsApp)
  • ПИН-кодуңузду картаңыздын жанында сактабаңыз;
  • Операцияларга чектөөлөрдү коюуңуз;


Halykтан тест

Алдамчыбы же жокпу?

Сиз интернет-алдамчыны таанып, анын курмандыгы болуп калбай аласызбы?


Тесттен өтүү

Эгер Сиз:

1. Алдамчылардан чалуу/кат/SMS алсаңыз;

2. Банктын интернеттеги жалган баракчасына жолуксаңыз;

3. Социалдык тармактарда Банктын жалган баракчасына жолуксаңыз;

4. Авторизацияланбаган акча каражаттардын эсептен/картадан эсептен чыгарылышын байкасаңыз,

бул жөнүндө:

1. Байланыш борборуна 8008 +996 706 988-330 (WhatsApp) номери боюнча

2. halyk@halykbank.kg электрондук дарегине маалымдаңыз.