Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Өз процессингдик борборунун ишке киргизилишине байланыштуу, «Халык Банк Кыргызстан» ААК техникалык жумуштарды жүргүзөт

11.04.2024

Өз процессингдик борборунун ишке киргизилишине байланыштуу, «Халык Банк Кыргызстан» ААК техникалык жумуштарды жүргүзүүнү пландаштырды.

2024-жылдын 22-апрелинде саат 23:30да кийинки өнүмдөр менен кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот: 

  • VISA төлөм карталарын чыгаруу:
  • Банктын кеңселери менен түзүлүштөрдө VISA карталарын толуктоо ( төлөм терминалдары жана АДМ);
  • Өнөктөштөр аркылуу VISA карталарын толуктоо (КР банктары жана агенттери (PAY24, ОНОЙ, UNIPAY, О!Деньги, ЭлкартМобайл, MEGAPAY ж.б.));
  • «Korona» тиркемеси аркылуу VISA карталарын толуктоо («Золотая Корона»);
  •  Банктын банкоматтары менен кассаларынан акча каражаттарын накталай алуу;
  • Pos-терминалдар аркылуу төлөө жана интернет-эквайринг (e-commerce);
  • VISA карталары боюнча маалыматкаттар;
  • VISA карталарын колдонуу аркылуу «Halyk» мобилдик тиркемесинде төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн жана акча которууларды жүргүзүү;
  • VISA direct акча которуулары;
  • Салуулардын дистанттык каналдары аркылуу (МИБ) «Элдик» насыялоо программасы боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана насыяларды берүү;
  • Сатуулардын дистанттык каналдары (МИБ) аркылуу карталык эсептердин онлайн депозиттерди ачуу;
  • Карталык эсептерден депозиттерди толуктоо;
  • Карталык эсептеги акча каражаттарын «Элдик» насыялоо программасы боюнча насыяны төгүү үчүн эсепке которуу;

«Халык Банк Кыргызстан» ААК өз операцияларыңызды (төлөмдөр, акча которуулар, коммуналдык кызматтарга төлөмдөр) жүргүзүүнү алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Суроо пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылууну суранабыз.

Биз тейлөө менен банктык сервистердин сапатын жакшыртуунун үстүндө иштөөдөбүз. Алдын ала боло турган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.




*Банк өз чечими менен сервистердин тизмеси, техникалык жумуштардын сааты жана күнү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.