Урматтуу кардарлар!
«Halyk» Банкынын тиркемесинде авторлоштуруу функционалын толуктоо жөнүндө маалымдайбыз.
Биз МИБде биометрия (Face ID, Touch ID) же PIN-код аркылуу бир этаптуу авторлоштуруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырдык.
Бул функционалды ырастоо үчүн сиз «Halyk» тиркемесинин акыркы версиясына чейин жаңылап алышыңыз керек ( App Store жана Google Play платформаларында жүктөөгө жеткиликтүү):
- Тиркемеде авторлоштуруудан өтүү;
- Колдонуучунун жеке кабинетине өтүү;
- Ыңгайлуу ыкманы тандоо менен авторлоштуруу түрүн өзгөртүү;
- Экинчи факторсуз биометриянын жардамы менен авторлоштуруу ;
- Экинчи факторду тандоо менен РIN-код аркылуу авторлоштуруу;
- Экинчи факторду тандоо менен логин жана сырсөз аркылуу авторлоштуруу.
Кийин тиркемедеги авторлоштуруу сиз тандаган ыкма менен ишке ашат. Суроолор пайда болгон учурда 8008 номери аркылуу Контакт-борборго кайрылууңузду суранабыз.