Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банктан» алган «Элкарт» картасын «ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемесине санариптештир жана төлөмдөрдү телефон аркылуу жүргүзө бер!

02.07.2022

Урматтуу кардарлар!

27-июндан тарта «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК «ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн смартфон аркылуу байланышсыз төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди. Эми сатып алууларды жүргүзүү үчүн болгону NFC колдоосу менен Android операциялык системасынын базасында сиздин смартфонуңуз гана керек. Картаны санариптештирүү үчүн сиз бир нече жөнөкөй кадамдарды аткарышыңыз керек болот:

- «Халык Банктан» алган «Элкарт» картасын «ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемесине туташтыруу керек;

- «картаны байланышсыз туташтыруу» опциясын тандап алуу керек;

- операцияны смс-коду менен тастыктоо керек.

Сиздин карта санариптештирилди жана Сиз эми телефонуңуз аркылуу сатып алууларды жүргүзө аласыз.

Белгилей кетсек, июнь айынын башында «Халык Банк» жаңы продуктуну – виртуалдык картаны, башкача айтканда пластикалык алып жүрүүчүсү жок төлөм картасын чыгарууну ишке киргизди. Банктын кардарлары Банктын кеңсесине келбей эле Элкарт жана Visa карталарын Halykтиркемесинен чыгара алышат. Виртуалдык картаны бир нече мүнөттүн ичинде санариптик кылууга да болот.

Сизде суроолор жаралса, биздин байланыш борборубузга 24/7 төмөнкү телефондор боюнчакайрылсаңыз болот:

8008

+996 312 988 330