Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААКдан жаңы кызмат – 100 000 сомго чейин онлайн-кредит!

26.07.2022

Урматтуу кардарлар!

Эми Сиздер «Halyk» мобилдик интернет-банкингинен 1 000 ден 100 000 сомго чейин онлайн-кредит ала аласыздар!

Кредиттин мөөнөтү – 1 айдан 24 айга чейин.

Пайыздык чени – комиссиясыз жана күрөөсуз жылдык 27%*.

*Натыйжалуу пайыздык чени 30,13% тарта.

Онлайн-кредит алуу үчүн милдеттүү шарттары кандай?

1) Сизде Социалдык фондго минимум 3 ай үчүн чегерилген актуалдуу төлөмдөр болушу керек,

2) Арыз берүү мезгилиндеги минималдуу жаш курак – 21 жаш, кредитти төлөп бүткөн мезгилиндеги максималдуу жаш курак 65 жаштан ашпашы керек.

«Halyk» мобилдик интернет-банкингинен онлайн-кредитти кантип алууга болот?

1-кадам. «Halyk» мобилдик интернет-банкингин туташтыруу керек,

2-кадам. Башкы беттен «Кредиттер» бөлүгүн табуу керек,

3-кадам. Кредиттин керектүү суммасын жана мөөнөтүн тандап алуу керек,

4-кадам. Керектүү талаачаларды (тилкелерди) толтуруу керек.

Андан кийин онлайн-кредитти алууга карата Сиздин өтүнмө каралат.

Сизде суроолор жаралса, Сиз 8008 кыска номери боюнча биздин байланыш борборубузга 24/7 бою кайрыла аласыз.