Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Бүткүл Кыргызстан боюнча картадан Visa картасына которууларды жүргүзүңүз!

26.07.2022

Урматтуу кардарлар!

«Halyk» мобилдик интернет-банкингинде картадан Visa картасына которуу - жаңы кызматы пайда болду!

Visa картасынын ээлери эми Кыргыз Республикасынын каалаган банкынан картадан Visa картасына которууну жеңил жана тез жөнөтө алышат.

Акча которууну жөнөтүү үчүн «Halyk» мобилдик интернет-банкингинин колдонуучусу болуу керек жана бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек:

1-кадам. «Которуулар» бөлүгүнөн «Visa картасына которуулар» пунктун тандап алуу керек;

2-кадам. «КР картасына которуу» опциясын тандап алуу керек;

3-кадам. Керектүү талаачаларды (тилкелерди) толтуруу жана которууну тастыктоо керек.

Болду, сиздин которуу жөнөтүлдү!

Которууларга карата тарифтер жана лимиттер менен кененирээк Сиз ушул жерден шилтеме боюнча өтүү аркылуу тааныша аласыз.

Сизде суроолор жаралса, Сиз 8008 кыска номери боюнча биздин байланыш борборубузга 24/7 бою кайрыла аласыз.