Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

1-сентябрга карата жашоо-турмуштун оор абалында калган үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтөбүз!

09.08.2022

Баланы мектепке даярдоо оңой иш эмес.  Тилекке каршы, ар бир үй-бүлөдө окуучусун бардык зарыл нерселер менен камсыз кылууга каражат жетишсиз.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына канцелярдык товарларды сатып алууга жардам берүү максатында биз, кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү чечтик.

 Биздин жалпы ишибизге салым кошсоңуз болот.

Кантип жардам бере аласыз? Балдарды колдоо үчүн каалаган сумманы ыктыярдуу түрдө которуңуз.

 Кантип акча которуу керек?

 • Halyk мобилдик тиркемесин (Play Market же AppStore) жүктөп алуу же жаңыртуу;

 • "Төлөмдөр" бөлүмүндө "Башка кызматтар" → "Кайрымдуулук" → "Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому" тандаңыз

 • Телефон номериңизди, толук аты-жөнүңүздү киргизиңиз;

• Каалаган которуунун суммасын көрсөтүңүз;

 • Төлөмдү ырастаңыз.  

Ошондой эле боорукердик эстафетасын досторуңузга, кесиптештериңизге жана жакындарыңызга өткөрүп берсеңиз болот!