Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк» менен «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» финансылык жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча өз ара мамиле түзүү меморандумуна кол коюшту

19.08.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК менен «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК Кыргызстанда финансылык жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча өз ара мамиле түзүү меморандумуна кол коюшту. Меморандумга каржылык жана санариптик технологияларды өнүктүрүүчү "Финтех" долбоорунун алкагында кол коюлган.

Долбоордун алкагында өкмөттүн токтомун кабыл алуу пландаштырылууда, ага ылайык Улуттук холдинг мамлекеттик системалар менен коммерциялык банктардын маалыматтык чечимдеринин ортосунда санариптик көпүрө боло турган санариптик платформаны иштеп чыгат.

Долбоор коммерциялык банктардын онлайн-скорингди жана кредиттик конвейер киргизүү боюнча санариптик чечимдерин модернизациялайт, бул санарип форматта инновациялык банктык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

"Халык Банк Кыргызстан" Кыргыз Республикасында 16 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат жана кардарлардын заманбап муктаждыктарына жооп берген эң акыркы алдыңкы банк продуктыларын жана технологиялык кызматтарды киргизүүнү максат кылат.