Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК ЭКСПО-2022 аял ишкердиктин көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстанда аял ишкерлердин каржыга жеткиликтүүлүгү» панелдик сессиясына катышты

03.11.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК 2-ноябрда ЭКСПО-2022 аял ишкердиктин көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстанда аял ишкерлердин каржыга жеткиликтүүлүгү» панелдик сессиясына катышты.

Иш-чаранын максаты аял ишкердикти өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, ошондой эле республикада аял-ишкерлер үчүн каржылык ресурска жеткиликтүүлүктү кеңейтүү болуп саналат.

Банктын атынан саламдашуу сөзү менен Башкаруу кеңешинин төрагасы Алия Чыныбаева сүйлөдү. Ал заманбап экономикада аял лидерлигинин маанилүүлүгү жана бизнестеги аялдын статусу жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, Банк аял ишкердигин өнүктүрүү боюнча программаны көп жылдан бери жүзөгө ашырып келет. Кредиттөө түрү аялдардын бизнеси үчүн даярдалган жана атайын шарттарда берилет.

Программанын негизги шарттары төмөнкүлөр кирет:

· Аял кишиге таризделген бизнес (50%дан кем эмес);
· Кредит боюнча жеңилдетилген чен –стандарттыктан -2%;
· Кредиттөө мөөнөтү – 60 айга чейин;
· Кредит берүүгө байланыштуу комиссия – жок

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Кыргызстандагы аял ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү түрдө колдойт жана бул программаны төмөндөтүлгөн чен менен ишке ашырып келет. Мындан тышкары, азыркы күндө Halyk тобу Visa менен бирге She's Next глобалдык демилгени ишке киргизди.

ЭКСПО-2022 көргөзмөсүнүн алкагында 60 аял-ишкер катышкан жолугушуу болуп өттү. Алар экономиканын ар кандай тармактары боюнча өз бизнес-долбоорлорун тааныштырышты. Жыйынтыгында, «Халык Банк Кыргызстан» банкы 3 мыкты долбоорду тандап алды, долбоордун ээлерине аял ишкердикти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредитке сертификаттар берилди.

Ошондой эле, «Халык Банк Кыргызстан» банкынын өнүмдөрүн жана кызматтарын тааныштырган B2B жолугушуу болуп өттү. Аял-ишкерлерге банктык адистерден кеңеш алууга, бардык керектүү маалыматтарга ээ болууга мүмкүнчүлүк берилген.

Иш-чарага коммерциялык банктардын жана микрокредиттик мекемелердин, ошондой эле «Кепилдик Фонду» АК менен Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты. Мындан тышкары, бизнес-ассоциациялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жеке сектордун субъекттери менен Кыргызстандын бардык аймактарынан келген аял-ишкерлер панелдик сессиянын катышуучулары болушту. Алар өндүрүш жана айыл чарба продукцияларды кайра иштетүү секторлорунда, ошондой эле кызмат көрсөтүү тармактарында алектенишет.

Кошумча суроолор пайда болгон учурда, сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн 8008 кыска номери боюнча иштеген байланыш-борбору 24/7 режиминде иштейт.

Маалымкат:

«Халык Банк Кыргызстан» ААК республиканын аймагында өз ишмердигин 16 жылдан ашуун убакыттан бери жүзөгө ашырып келет жана ESG (Экология. Социалдык жоопкерчилик. Корпоративдик башкаруу) саясатын жигердүү колдоп келет. Банк «Казакстандын Элдик Банкы» Акционердик коомунун туунду мекемеси болуп саналат. Банк активдери 30 миллиард долларды түзгөн жана 10 миллион кардарлык базасы болгон Борбордук Азиянын ири финансылык тобу – эл аралык Halyk тобуна кирет. Halyk Bank үч ири эл аралык агенттиктин рейтингине ээ: Moody's Investors Service, Standart & Poor's, FitchRatings.