Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан » ААК Visa карталарынын ээлери үчүн Garmin акылдуу сааттардын өндүрүүчүсүнүн Garmin Pay онлайн төлөмдөрдүн сервисин ишке киргизди

30.11.2022

«Халык Банк Кыргызстан » ААК Visa карталарынын ээлери үчүн Garmin акылдуу сааттардын өндүрүүчүсүнүн Garmin Pay онлайн төлөмдөрдүн сервисин ишке киргизди.

Банктын кардарлары жаңы опциянын жардамы менен сатып алууларын банктык картасы же телефону жок эле Garmin сааты аркылуу жүргүзө алышат. Төлөөлөрдү Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да  NFC технологиясы менен иштеген бардык терминалдарда жүргүзсө болот. 

Garmin Pay'ди кантип кошуп алса болот?

1-кадам. Смартфонго Garmin Connect тиркемесин жүктөңүз.

2-кадам. Тиркемени ачыңыз, Garmin Devices бөлүмүнө кириңиз да, өз саатыңызды табыңыз.

3-кадам. Garmin Pay'ге бир жолу клик басыңыз.

4-кадам. «Халык Банк Кыргызстан» банкынын Visa картасын төлөм реквизиттерин көрсөтүү менен кошуңуз (номер, жарактуулук мөөнөтү, картанын ээсинин ФАА жана CVV/CVC-коду).

Garmin Pay аркылуу сатып алууларды төлөө үчүн сааттагы капчык менюсун активдештирүү керек да, саатты онлайн интерфейси бар терминалга жакындатуу зарыл. Керек болгон учурда, Garmin Connect тиркемесинде капчыкты түзүп жаткандагы берилген сырсөздү жазуу талап кылынышы мүмкүн.

Garmin Connect тиркемеси iOS жана Android операциялык тутумдарын дагы смартфондор үчүн AppStore жана PlayMarket платформаларында жүктөөгө жеткиликтүү.

Эгер сизде кошумча суроолор пайда болсо, 8008 кыска номери боюнча биздин байланыш борборго 24/7 режиминде кайрылсаңыз болот. Чалуу акысыз.