Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

Телефон номери боюнча «KoronaPay» аркылуу «Халык Банк Кыргызстан» банкынын карталары менен эсептерине акча которууларды жөнөтүңүз!

27.11.2022

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Золотая Корона» менен бирге КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп телефон номери боюнча «KoronaPay» тиркемеси аркылуу акча каражаттарын жөнөтүү боюнча орток долбоорун ишке киргизди.

Кардарлар жаңы кызматтын жардамы менен Банктын карталары жана эсептерине акча которууларды дароо ала алышат. Өз кезегинде, жөнөтүүчү алуучунун телефон номерин көрсөтүүсү жетиштүү болот.

Акча которууну жүзөгө ашыруу үчүн кийинки кадамдарды аткаруу зарыл:

1-кадам: «KoronaPay» тиркемесине кирүү

2-кадам: «Акча которууну жөнөтүү» баскычын басуу

3-кадам: Сунушталган өлкөлөрдүн ичинен алуучунун өлкөсүн тандоо

4-кадам: Алуучунун телефон номерин көрсөтүү

5-кадам: «Халык Банк Кыргызстан» ААК картасын же эсебин тандоо

6-кадам: Акча которуу үчүн керектүү сумманы киргизүү

7-кадам: «Төлөө» баскычын басуу

8-кадам: Транзакция ийгиликтүү аткарылды

Даяр! Акча каражаттары алуучунун картасына же эсебине дароо түшөт.

Белгилей кетсек, «KoronaPay» тиркемеси 50дөн ашуун өлкөдө жеткиликтүү. Конвертация өнөктөштүн курсуна ылайык жүргүзүлөт.

Эгерде сизде кошумча суроолор пайда болсо, бизге 24/7 режиминде кайрыла аласыз:

8008 – чалуу акысыз.

WhatsApp: +996 706 988 330