Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Ош шаарында сактык кассасынын жаңы кеңсесин ачты

18.12.2022

Жаңы жылдын алдында «Халык Банк Кыргызстан – Ош» филиалынын №044-07-13 сактык кассасынын жаңы кеңсесинин ачылышы болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы Алия Чыныбаева сөз сүйлөдү.

Банктын башкармалыгынын төрайымы өз сөзүндө Кыргызстандын региондорунда банктык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз банктык кызматтарды кардарлар үчүн жеткиликтүү кылуу менен өнүгүп, өсүүнү улантуудабыз.Бүгүн Банк түштүк филиалынын сактык кассасынын жаңы кеңсесин ачып олтурат. Бул банктык кызматтардын баарын сунуштай турган толук форматтагы кеңсе, - деди Банктын Башкармалыгынын төрайымы. – Чекене жана юридикалык жактардын Банктын кызматтарына талап күн сайын өсүп жаткандыктан, «Халык Банк Кыргызстан» түштүк облустагы бизнестин өнүгүү темпин күчөтүп жатат. Биз тейлөөнүн заманбап стандарттарына жооп бере турган жайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылдык».

А. Чыныбаева түштүк филиалынын жетекчилигин маанилүү окуя менен куттуктап, Банктын бөлүмүнүн кызматкерлерине албан-албан ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.

Ачылышта «Халык Банк Кыргызстан – Ош» филиалынын директору Мирлан Шоноев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал жаңы кеңсенин Кыргызстандын түштүк борбор шаарындагы кардарларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө үчүн бардык шарттарды түзө тургандыгын баса белгиледи.

“Шаар кеңейип, бизнес өнүгүп жаткандыктан ушундай кенен сатуу жайын ачуу муктаждыгы келип чыкты. Сактык кассасы 300 чарчы метр аянтын ээлейт, шаар тургундарын толук кандуу тейлөө жүргүзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Бул жерде кардарлар Банктын санарип өнүмдөрү менен бирге, бардык банктык кызматтардан пайдалана алышат.

Банк социалдык жоопкерчилик, жаштар саясаты, спорт жана сергек жашоо программасынын алкагында жергиликтүү футбол клубунун бирине колдоо көрсөттү.

Ачылыш аземине Ош шаарынын администрациясы, Банктын өнөктөштөрү менен кардарлары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

«Халык Банк Кыргызстан – Ош» филиалынын №044-07-13 сактык кассасынын жаңы кеңсеси Ош ш., И. Раззаков пр., 35 дарегинде жайгашкан. Кеңсе кардарлар үчүн дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:30га чейин ачык. Тыныгуу: 13:00-14:00. Ишемби жана жекшемби – дем алыш күндөрү. Белгилей кетсек, сактык кассасынын мурунку дареги: Ош ш., Масалиев пр., 44 А.

«Халык Банк Кыргызстан» банкынын филиалдык тармагынын келечектеги өнүктүрүү программасында банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү үчүн региондордо жаңы жайларды ачуу каралган. Азыркы учурда Кыргызстандын бардык аймактары боюнча банктын 10 филиалы, 12 сактык кассасы жана 12 көчмө кассасы иштеп жатат.

Маалымкат: 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК – эң жаңы банктык өнүмдөр менен алдыңкы тейлөө технологияларын колдонуу аркылуу корпоративдик жана чекене кардарлардын бардык категорияларына каржылык кызматтарды сунган универсалдуу банк болуп саналат.

Банк ири каржылык топтордун жана Борбордук Азияда кеңири кардар базасына ээ «Казакстандын Элдик Банкы» (Halyk Bank) акционердик коомунун туунду мекемеси болуп саналат.

Halyk тобу чакан жана орто бизнес субъектилеринин, чекене жана корпоративдик кардарлардын активдерин башкаруу, брокердик тейлөө, камсыздандыруу, лизинг сыяктуу ар түрдүү спектрдеги банктык кызматтарын сунуштайт.

Halyk тобу Россия, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда банктык операцияларын жүргүзөт.