Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

22-февралда КР Илимдер академиясында «Электрондук коммерцияда төлөм тутумдары» темасында Meet-up жолугушуу болуп өттү

23.02.2023

22-февралда КР Илимдер академиясында «Электрондук коммерцияда төлөм тутумдары» темасында Meet-up жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын атынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК Чекене бизнес департаментинин директору Олег Баландин баяндама жасады. 

Олег Баландин аудиторияны "E-commerce 2023" төлөм шаймандарындагы төмөнкү багыттар боюнча дүйнөлүк тренддер менен тааныштырды:

·        BNPL (Buy now, pay later) же бөлүп төлөө

·        Добуш менен төлөө 

·        Биометрия

·        Электрондук капчыктар

·        Криптовалюта

·        QR-төлөмдөр

·        Ылдам төлөмдөр

·        NFC төлөө

Бизнестин товарлар жана кызматтары үчүн сайттан жана мобилдик тиркемеден төлөмдөрдү кабыл алуусуна жардам бере турган интернет-эквайрингге өзгөчө көңүл бурулду. Банк төлөм тутумдарынын карталарынын бардык түрлөрүн кабыл алат: VISA, MasterCard, Union Pay, Элкарт. 

Банктын интернет төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча сервисинин негизги артыкчылыктары:

·        Ыңгайлуу кошуп алуу (мобилдик SDK, iFrame, API)

·        GooglePay, SamsungPay жана ApplePay менен бирге төлөө ыкмаларынын кеңири тизмеги

·        Тарификацияга жеке мамиле 

·        24/7 онлайн режиминде сервистин үзгүлтүксүз иштөөсү

·        Жеке кабинет

Жоугушуунун катышуучулары IT тармагына тиешелүү суроолорду талкуулашты жана тажрыйба алмашышты.

Маалымат үчүн. Meet-up жолугуушуну Жогорку технологиялар паркы жана Электрондук коммерция ассоциациясы уюштурушту.