2023-жылдын 3-мартында БУУнун "Туруктуу фондулук биржалар" (UN SSE) демилгесинин алкагында "Инновация жана санариптик экономика" темасында гендердик теңчиликке арналган " Ring the Bell for Gender Equality-2023" тооруктарынын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC), Бириккен Улуттар Уюмунун, Кыргызстандагы "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн, ассоциациялардын, ошондой эле "Халык Банк Кыргызстан"ААКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Иш-чаранын максаты санариптик экономиканы жана инновацияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болду. Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) белгилегендей, санариптештирүүнү жана санариптик экономиканы өнүктүрүүдө аялдардын ишкердигинин өкүлдөрү маанилүү ролду ойнойт жана көптөгөн демилгелер өнүгүүнүн бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн өз ийгиликтери менен көрсөткөн аялдардан келип чыгат.
Гендердик тең укуктуулук жана баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү маселеси БУУ тарабынан бекитилген Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча планга кирет жана № 5 Максатында (ТӨМ-5) жазылган. Бул максат ал сунушталган бардык региондордо "Halyk Group" тобунун өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Жолугушуу учурунда Борбор Азиядагы жана Түркиядагы экологиялык, социалдык жана башкаруучулук тажрыйбаларды өнүктүрүү боюнча IFC долбоорунун жетекчиси Адалят Абдуманапова "Halyk Group»" жөнүндө бир нече фактыларды белгиледи: "Halyk Group"өзүнүн мисалы менен аялдардын жетектөөчү позицияларга катышуусуна тутумдук мамилени көрсөтүп келет. Мисал катары, Казакстандагы "Халык Банк" Башкармалыгынын төрагасы болуп саналган Шаяхметова Үмүт Болатхановна жана "Халык Банк Кыргызстан" башкармалыгынын төрагасы Чыныбаева Алия. Ошондой эле,"Halyk Group" ESG-практикаларын илгерилетүүдө алдыңкы ролду көрсөтөт. Казакстанда бул бүтүндөй каржы сектору үчүн туруктуу өнүгүү боюнча өзүнчө отчет берген биринчи банк жана ESG рейтингин алган алгачкы банктардын бири. Бул каржы рыногундагы ийгиликтин ачкычы".
Алия Чыныбаева өз кезегинде ТӨМ - 5 алкагында " Halyk Group" гендердик теңчиликти колдогон технологиялар жана инновациялар жөнүндө кененирээк айтып берди:
"Бизде «Halyk Group» тобунда аялдарды колдогон өз программаларыбыз бар. Бардык «Halyk Group» тобуна кирген банктарындагы негизги өнүмү — бул кредиттөө. Аялдардын ишкердигин колдоо үчүн кредиттөө программасы Казакстанда да, Кыргызстанда да бар. Бул программанын алкагында аялга түзүлгөн бизнес жеңилдетилген ченге ээ".
Дүйнөдө санариптештирүүдө эркек аялга караганда көбүрөөк артыкчылыкка ээ деген көз караштар бар болсо да, "Halyk Group" тескерисинче далилдер менен көрсөтүп жатат. 2 жылдын ичинде "Халык Банк Кыргызстанда" санариптик трансформация жүрүүдө. Трансформациянын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылды, алар калк үчүн банктын онлайн-сервистерин сунуштоону кыйла жакшыртты. Бул долбоорлордун көпчүлүгү кыздар тарабынан жүзөгө ашырылган.
Кыргызстандагы аялдар санариптик мүмкүнчүлүктөргө жана санариптештирүүгө абдан жигердүү жана кызыкдар, «Halyk Group» бул жагынан аларга жардамын үзбөй берип келет. Ошентип, ушул жылдын январь айында Кыргызстанда "Халык Банк Кыргызстан" мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен биргеликте TechnoWomen биринчи конференциясын өткөрдү, ал өлкөнүн бир жерине бардык булуң-бурчтарынан миңге жакын пикирлеш айымдарды чогултту. TechnoWomen алкагында ишкер аялдарга өз идеяларын айтууга жана мыкты стартаптарды ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк берген Start-up Battle долбоору ишке киргизилди. Катышууга арыз 2023-жылдын 10-мартына чейин берилиши мүмкүн.
Жолугушуунун жүрүшүндө Адалат Абдуманапова гендердик теңчиликти сактоо жаатындагы мыкты демилгелери үчүн "Halyk Group" тобуна ыраазычылык билдирди.