Голосовой помощник


На сайте присутствует голосовой помощник вам необходимо выделить текст и нажать на кнопку громкости

Маалымат-борбору

«Халык Банк Кыргызстан» ААК «Апаларга ыракмат!» куттуктоо-акциясын өткөрдү

14.03.2023

8-март майрамы аялзатына бул дүйнөнү жаркын, жагымдуу жана мыкты болушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиргенге мүмкүндүк берген жаз майрамдарынын бири.

Халык Банк үчүн бул күн өзгөчө болду, биз Халыктын чоң, ынтымактуу жамаатынын кызматкерлеринин апаларына мыкты уул, кыздарды тарбиялап бергендиктери, алардын колдоосу  менен мээрими үчүн «ыракмат» айттык.

«Халык Банк Кыргызстан» бардык апаларга чың ден соолук, бакыт-таалай, кубаныч, иштерине ийгилик жана бакубат жашоо каалайт!