Телефоны контакт-центра

+996 312 988 330
+996 555 988 330
+996 770 988 330
+996 706 988 330

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коомунун жетектөөчү курамы. 

 Кабулов Айкын Темиртасович

kabulov

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы.

Билими: 

1995-жылы Караганды Мамлекеттик Университетинин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы Караганды Мамлекеттик Университетинин «Юриспруденция» адистиги боюнча бөлүмүн аяктаган.

Кабулов Айкын Темиртасович өзүнүн эмгек ишмердигин1985-жылы баштаган. Банктык эмгек стажын 1995-жылы «Халык Банк Казахстан» АКнын Караганды облустук башкармалыгынын ревизия бөлүмүнүн ага ревизору кызматынан баштаган.

1997 – 1998-жж. «Халык Банк Казахстан» АКнын Караганды облустук  башкармалыгынын ревизия бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

1998 - 2006-жж. «Казакстан Эл Банкынын Топтоо пенсиялык фондунун» Караганды облустук агенттик тармагынын жетекчиси.

2006 – 2013-жж. «Халык Банк Казахстан» АКнын Караганды облустук филиалынын Чекене сатуулар боюнча башкармалыгынын башчысы – директордун орун басары,  Чекене бизнес боюнча директорунун орун басары.  

2013 – 2017-жж. «Халык Банк Казахстан» АКнын Экибастуз регионалдык филиалынындиректору.

2017-жылдын июнунан тартып ушул мезгилге чейин «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы. Банктын ишмердигине оперативдүү жетекчилик жүргүзөт, Кыргыз Республикасында, ошондой эле андан сырткары да Банктын кызыкчылыктарын көрсөтөт.  Тобокелдик башкармалыгынын, Ички аудит башкармалыгынын,  Юридикалык башкармалыгынын, Комплаенс-контроль башкармалыгынын, Персонал менен иштөө боюнча башкармалыгынын, Коопсуздук башкармалыгынын, Күрөө менен камсыздоо башкармалыгынын, Чечимдерди кабыл алуу борборунун, Чарбалык бөлүмдүн, Банктын IT директорунун жана филиалдарынын ишмердигин көзөмөлдөйт.


Ахматова Айнагуль Токтосуновна
ahmatova

 

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары, Банк Башкармалыгынын мүчөсү

Билими:

1988-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин Экономика факультетин бүтүргөн, адистиги: «Экономика саясаты».

1992-жылы- Кыргыз Улуттук Университетининин аспирантурасы, Экономика факультети.

Ахматова Айнагуль Токтосуновна өз ишмердигин1988-жылы Бишкек шаарындагы Орус тили жана адабияты Педагогикалык Институтунда экономика саясаты боюнча окутуучусу болуп иштеп баштаган.

1993 – 1994-жж.Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын (КРУБ)Экономикабашкармалыгынын экономисти, жетектөөчү экономисти, Банктык көзөмөлбашкармалыгынын экономисти.

1994 – 1998-жж. КРУБнынБанктык көзөмөл башкармалыгынын Лицензия бөлүмүнүн башчысы.

1995-жылдын августунда «Хэнфен» КБ ММде КРУБдан убактылуу администратор болуп дайындалган.

1998-жылы «Кыргызагропромбанк» АКга Убактылуу Иш башкаруучу болуп дайындалган.

1998 –2000-жж.«Азия Банкы» АКБ Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары.

2000 -2006-жж.КРУБнынБанктык көзөмөл башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн башчысы.

 2002-жылы «Курулуш Банк» АКБнын атайын администратору болуп дайындалган.

2006-жылдын февралынан тартып ушул мезгилге чейин «Халык Банк Кыргызстан» ААКда «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлейт.

Ахматова Айнагуль ТоктосуновнаЭкономикалык талдоо жана пландообашкармалыгынын, Корреспонденттик мамилелер жана эсептешүүлөр башкармалыгынын, Кредиттик талдоо башкармалыгынын, Канцелярия, SWIFT, Операциялык-кассалык кызмат көрсөтүүлөр башкармалыгынын, ошондой эле Көйгөйлүү кредиттер менен иштөө боюнча башкармалыгынынишмердиктерин көзөмөлдөйт.

Иманов Манас Кожоканович
imanov

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары,  Банк Башкармалыгынын мүчөсү

Билими:

2006-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз УлуттукУниверситетинин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча «Банк иши» адистиги боюнча бөлүмүнаяктаган.

Иманов Манас Кожоканович өз ишмердигин2006-жылы Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкынын Чекене кредит берүү бөлүмүнүн ЕБРР багыты боюнча кредиттик эксперти кызматынын баштаган.

2006 – 2007-жж.«Энергобанк» ААКнын Кредиттик башкармалыгынын Чекене кредит берүү бөлүмүнүн кредиттик адиси.2006-жылдын декабрында «Энергобанк» ААК «АТФБанк – Кыргызстан» ААК аталышы болуп өзгөргөн.

2007 - 2009-жж.  «АТФБанк – Кыргызстан» ААКда Чекене кредит берүү бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле Чекене кредит берүү башкармалыгынын башчысы.

2009 - 2016-жж.  «АТФБанк – Кыргызстан» ААКнын №4 филиалынындиректору. 2010-жылдын июлунда «АТФБанк – Кыргызстан» ААК  «ЮникредитБанк» болуп өзгөргөн. 2013-жылдын сентябрынан тартып «ЮникредитБанк» «Оптима Банк» ААК аталышы болуп өзгөргөн.

2016 - 2017-жж.   «Оптима Банк» ААКнын Бишкек Борбордук филиалынындиректору.

2017-жылдын октябрынан тартып ушул мезгилге чейин «Халык Банк Кыргызстан» ААКда Банк БашкармалыгынынТөрагаснын орун басарынын кызматын ээлейт.

Иманов Манас Кожоканович корпоративдик кардарлар менен иштөө боюнча башкармалыгынын, Казыналыктын, Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана продуктуларды сатуу башкармалыгынын ишмердиктерин көзөмөлдөйт. 

 

Коваленко Валентина Айдаралиевна
kovalenko

«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары,  Банк Башкармалыгынын мүчөсү

Билими:

Кыргыз-РоссияСлавян Университетинин«Эл аралык мамилелер»факультетин бүтүргөн: адистиги: «Дүйнөлүк экономика».

Коваленко Валентина Айдаралиевна өзүнүн эмгек ишмердигин«ОптимаБанк» ААКда («Энергобанк» ААКнын,«АТФБанк – Кыргызстан» ААКнын, «ЮниКредит Банк» ААКнын ишин укуктуу улантуучу) МСБ Кредит берүү секторунун адистигинен баштаган. Ош жана Бишкек шаарларында Кредит берүү секторунда ирээти менен регионалдык координация блогунун  регионалдык менеджер кызматынан тартып «Оптима Банк» ААКнын Бишкек Борбордук филиалынын Директорунун орун басарынын кызмат ордуна чейин ээлеген. 

2014 – 2018-жж. «Оптима Банк» ААКда Сатуулар департаментинин директорунун кызмат ордун ээлеген.

2018-жылдын февралынан тартып ушул мезгилге чейин «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басарыболуп саналат.

Коваленко Валентина Айдаралиевна Чекене бизнести өнүктүрүү жана продуктуларды сатуу боюнча башкармалыгынын, Маркетинг жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын, Эмгек акы долбоорлоруна тартуу боюнча башкармалыгынын  ишмердиктерин көзөмөлдөйт. 

Касилина Татьяна Михайловна
kasilina

«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Башкы бухгалтери, Банктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы,Банк Башкармалыгынын мүчөсү.

Билими:

1988-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин «Бухгалтердик эсеп жана чарба ишмердигин талдоо» адистиги боюнча бөлүмүн аяктаган.

Касилина Татьяна Михайловна өз эмгек ишмердигин1980-жылыКыргыз ССРнин Курулуш министрлигинде иштеп баштаган.   

1988 – 1995-жж. Кыргыз ССРнин Мамлекеттик курулушунун «Чуйзапстрой»трести.

1995 – 1999-жж. «Максат» АКБда Банктык ички эсептешүүлөр башкармалыгында башкы адистиктен баштап башкы бухгалтерликке -  Банктык ички эсептешүүлөр башкармалыгынын башчысына чейин  карьералык өсүшкө жетишкен.

1999 – 2004-жж. «Кайрат Банк» АТАКнын башкы бухгалтери, «Кайрат Банк» АТАК башкармалыгынын мүчөсү.

2004-жылдан тартып ушул мезгилге чейин  «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын Башкы бухгалтери, Банктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы.

Касилина Татьяна Михайловна Банктын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын, Кредиттерди тескөө жана казыналыкоперацияларын коштоо башкармалыгынын, Эсептешүү-кассалык жана карточкалык операцияларды коштоо  башкармалыгынын, ошондой эле Банктын филиалдарынын бухгалтердик ишмердигин жана отчеттуулук ишмердиктерин көзөмөлдөйт. 

 

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke