Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) линиясы боюнча насыялар: Кластердик өнүктүрүү
«Халык Банк Кыргызстан» ААК бир нече жылдан бери Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен ийгиликтүү кызматташып келет. Насыялык линиянын алкагында ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдиктери менен чечимдер сунушталат.
Бизнестин багыты (максаты):
Эт багытын кластердик өнүктүрүү (Бирдиктүү кошумча нарктын чынжырынын алкагында эт азыктарын өндүрүүнү өстүрүү жана экспортту өнүктүрүү);
Сүт багытын кластердик өнүктүрүү (Бирдиктүү кошумча нарктын чынжырынын алкагында сүт азыктарын өндүрүүнү өстүрүү жана экспортту өнүктүрүү);
Форель өстүрүүнү кластердик өнүктүрүү (Бирдиктүү кошумча нарктын чынжырынын алкагында сүт азыктарын өндүрүүнү өстүрүү жана экспортту өнүктүрүү).
Каражаттардын багытталышы: инвестициялык максаттар:
· Жабдуу жана техника сатып алуу;
· Курулуш-монтаждык иштер, өндүрүштүк жайларды реконструкциялоо жана сатып алуу;
· Эт/сүт багытындагы мал сатып алуу.
Жүгүртүү капиталын толуктоо:
· Биологиялык чийки затты сатып алуу;
· Икраларды/чабактарды сатып алуу;
· Асыл тукум малды семиртүү үчүн сатып алуу;
· Тоют сатып алуу;
· Тетиктерди сатып алуу;
· Ветеринардык медикаменттерди, витаминдерди, жана ошондой эле инвестициялык долбоордун алкагында башка материалдарды жана кызматтарды сатып алуу.
Валютасы: КР сому / АКШ доллары.
Суммасы: 1 млн АКШ долларына чейин (кыргыз сомундагы эквивалент).
Мөөнөтү: 7 жылга чейин (эт азыктарын өндүрүү 5 жылга чейин).
Пайыздык чен кыргыз сому менен: жылдык 9% (эффективдик пайыздык чен 9,36%).
Пайыздык чен АКШ доллары менен: жылдык 6% ашык эмес (эффективдик пайыздык чен 6,16%).
Күрөөлүк камсыздоо: Коммерциялык/коммерциялык эмес багыттагы кыймылсыз мүлк; «Кепилдик Фонду» ААК, автотранпсорт; жабдык; жүгүртүүдөгү товар;
Бул кызмат тууралуу кененирээк маалыматты Байланыш борбордун телефондору боюнча же Банктын бөлүмдөрүнөн алса болот:
8008
+996 990 988 330