Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун программасы боюнча насыялар
«Халык Банк Кыргызстан» ААК бир нече жылдан бери Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду менен кызматташып келет. Насыялык линиялардын алкагында ишкерлерди колдоо үчүн жеңилдетилген чечимдер сунушталат.
Шарттар
Программа бизнес субъектилерине насыяларды берүүнү карайт жана кийинки багыттар боюнча негизги каражаттарды сатып алууга, жаңылоого, кеңейтүүгө жана модернизациялоого багытталган:
• агроөнөржай комплекси (айыл чарба продукцияларын өндүрүү, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык, тоют даярдоо жана өндүрүү);
• айыл чарба продукциясын даярдоо жана кайра иштетүү, ошондой эле жер-жемиш жана жашылча сактоо жайларын куруу менен байланыштуу долбоорлор;
• тигүү жана текстиль өнөр жайы;
• иштетүүчү өнөр жайы;
• тоо-кен жана металлургия өнөр жайы;
• транспорт;
• инфраструктураны өнүктүрүү, туризм инфраструктурасын кошуп;
• саламаттыкты сактоо жана билим берүү;
• ошондой эле Фонддун Уставында көрсөтүлгөн максаттарга жана тапшырмаларга жетүүгө багытталган өндүрүш багытындагы туруктуу башка узак мөөнөттүү инвестициялар.
Насыялоо валютасы: улуттук валюта жана АКШ доллары
Пайыздык чен:
Бишкек шаарынын туризм инфраструктурасын жакшыртуу: АКШ доллары менен – жылдык 8%, КР сому менен - жылдык 11%.
Башка багыттар боюнча ЧОБ субъектиси үчүн пайыздык чен АКШ доллары менен алынган насыяларда жылдык 6%, ал эми КР сому менен алынган насыяларда жылдык 9% түзөт.
Насыялоо мөөнөтү: Насыялоонун максималдуу мөөнөтү 5 жылга чейин
Насыялоо суммасы: 20 000 сомдон баштап 1 000 000 сомго чейинки АКШ доллары (КРУБ курсу боюнча улуттук валютанын эквивалентинде).
Насыяны төгүү:
• Пайыздарды жана негизги сумманы (аннуитетти) ай сайын төлөө;
• Негизги карызды ай сайын, квартал сайын, 6 айда бир төгүү менен бирдей үлүштө төлөө мүмкүн;
• 6 ай өткөндөн кийин толугу менен мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүн.
Күрөөнүн түрү:
• Коммерциялык/коммерциялык эмес багыттагы кыймылсыз мүлк.
Насыялоо аймагы:
• Кыргыз Республикасы.
*Максаттуу багыты РКӨФтүн каржылоо программасына ылайык келген зайымдарды кайра каржылоо компоненти каралган.
**Коммерциялык банк – өнөктөштүн насыялык каражаттарды берүү жана тейлөөгө байланыштуу эсептик-кассалык тейлөө үчүн дагы пайыздык ченден ашык кандайдыр-бир комиссия же салыктарды алганга укугу жок.
Бул кызмат боюнча толук маалыматты Байланыш борбордун телефондорунан же Банктын бөлүмдөрүнөн алсаңыздар болот:
+996 312 988 330
+996 990 988 330