«Моменталдык насыя» онлайн
Насыя алуу Халык Банк Кыргызстандын «Моменталдык насыя» жаңы кызматы менен эки эсе оңой болуп калды. Сизге Банктын кеңсесине келүүнүн кереги жок, бардык тариздөө жол-жобосу онлайн ишке ашырылат. «Моменталдык насыя» 1 айдан 1 жылдык мөөнөткө (эгерде сумма 5000 сомдон аз болсо, насыялоонун мөөнөтү 3 айдан аз каралат) 1000 сомдон 30 000 сомго чейин (акыркы сумма эки транзакция менен) берилет.
Бул насыяны алуу үчүн Сизге Halyk мобилдик тиркемесин жүктөп алып, видеоидентификациялоодон өтүп (тиркемеде «Аты менен+» статусун тандап алуу керек), «Насыя» бөлүмүн тандап, «Моменталдык насыяны» басып керектүү маалыматтарды толтуруу керек.
Андан кийин документтерге СМСтеги код менен кол коюу үчүн СМС билдирүү жөнөтүлөт. Текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин, өтүнмө «Насыя алуу» статусун алат, ошондой эле өтүнмөнүн аралык статусу жөнүндө билдирген билдирүү жөнөтүлөт.
Эгер өтүнмө бардык кошумча текшерүүлөрдөн өтсө, ал «Берилди» статусун алат жана каражаттарды эсепке чегерүү жүргүзүлүп насыя ачылат. Ошондой эле насыяны ийгиликтүү ачуу боюнча жүктөп алганга документтерге шилтемелер менен СМС билдирүү келет.
Кененирээк маалыматты Байланыш борбордун телефондору аркылуу алууга болот:
- 8008 (кыска номер, КРдин операторлорунун мобилдик номерлеринен чалуу акысыз)
- +996 990 988 330 (W/a)
+996 312 988 330