
Урматтуу кардарлар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-р буйругуна ылайык, «Халык Банк Кыргызстан» ААКынын АКШ доллары менен берилген насыя каражаттарын улуттук валюта -СОМго рекаржылоону жүргүзүү боюнча иштерин баштады.
Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналган, Банктын кардарлары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк алууга алынган ипотекалык насыялар АКШ долларынан улуттук валюта - СОМго рекаржыланат.
Бул учурда насыя 2015-жылдын 1-июлунан кеч эмес берилиши керек жана берилген сумма 40 000 (кырк миң) АКШ долларынан ашпашы керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралдагы №33-р буйругунун аракетине дуушар болгон кардарлар 20 (жыйырма) календардык күндөн кеч эмес (КР Өкмөтүнүн байругуна кол коюлган учурдан баштап) биздин Банктын өкүлчүлүгүнө өз насыя менеджерине кайрылуусу керек.
Дагы кененирээк маалымат алуу үчүн (312) 901-121 телефонуна кайрылыңыздар.









