
Урматтуу кардарлар!
Сиздерге, «Халык Банк Кыргызстан» ААКы КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен келишим түзүү менен, «Социалдык төлөмдөр» долбоорунун катышуучусу болгондугун билдирип кетмекчибиз.
ЭЛКАРТ төлөм картасы – СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨР (социалдык жөлөкпул алгандар үчүн)
Артыкчылыктары жана шарттары:
· Картаны басып чыгаруу – акысыз.
· Акча каражатына жеткиликтүүлүк - Кыргызстандын аймагындагы бардык банкоматтан күнү-түнү!
· Накталоо - «Халык Банк Кыргызстан» ААК банкоматында же бардык бөлүмүндө акысыз.
· Социалдык төлөмдөрдү алуунун коопсуздугу жана ыңгайлуулугу - КЕЗЕКСИЗ жана кошумча чыгымсыз.
· Акчаны которуу - акча которгон күнү кардардын эсебине АВТОМАТТЫК түрдө которулат.
· Жарактуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кайра чыгаруу - АКЫСЫЗ, уурдоо, жоготуу, бузулуу, ФАА алмаштыруу боюнча - 80 сом.
· Алуучунун эсебиндеги акча каражатынын калган суммасына АЙ САЙЫН пайыздарды кошуу - жылдык 3% чейин.
«Элкарт - Социалдык төлөмдөр" төлөм картасын алуу үчүн зарыл:
· Халык банктын бардык бөлүмүнө кайрылуу.
· Тариздөө үчүн паспорт жана акча төлөмүн /жөлөк пул алуучунун күбөлүгүн көрсөтүү.
· Арыз жазуу жана «Элкарт - Социалдык төлөмдөр" төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө келишимин толтуруу.
«Элкарт - Социалдык төлөмдөр" төлөм картасы боюнча тарифтер менен бул жерден таанышкыла.









