
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Евразия Өнүгүү Банкынын (ЕАӨБ) Банк жана ЕАӨБ ортосунда жетишилген эки тараптуу макулдашуунун алкагындагы насыялык линиясы боюнча чакан жана орто бизнести насыялоо башталганын маалымдайт.
Насыялар чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө 3 жылга чейинки мөөнөткө, 12% башталган жылдык ставка боюнча берилет.
«Микро насыялар» жана «Small насыялар» программасы боюнча насыялоонун максималдык суммасы ЕАӨБнын насыялык линиясынын алкагында 100 000 АКШ долларына жетет. Азыркы тапта бул чакан жана орто бизнес өкүлдөрү аталган программа боюнча ала алчу эң чоң насыя суммасы болуп эсептелет. Ал насыя алуучунун жүгүртүү каражаттарын толтурууга берилет.
Насыялоонун максималдуу өлчөмү жана арызды кароонун тез мөөнөтү бул банк продуктусуна карата жогорку талапты камсыз кылмакчы.
Халык Банктагы ЕАӨБ насыялык линиясы боюнча «Микро» жана «Small» насыясы.
Насыя алуучунун жүгүртүү каражаттарын толтурууга берилет.
1. Валюта – АКШ доллары.
2. Насыя өлчөмү – 2 001ден 100 000го чейин АКШ доллары.
3. Насыя мөөнөтү – 6 айдан 3 жылга чейин.
4. Арызды кароо мөөнөтү – 14 күнгө чейин.
5. Үстөк пайыз – жылдык 12% жогору.
Кенен маалымат Банктын филиалдарында:
Бишкек ш.: +996 (312) 32-32-32, 56-56-56, 34-34-24, 68-68-68;
Кара-Балта ш.: +996 (3133) 3-32-36, 3-29-42;
Ош ш.: +996 (3222) 5-58-00, 2-14-73;
Кара-Суу ш.: +996 (3222) 4-21-00, (3232) 5-00-85;
Жалал-Абад ш.: +996 (3722) 2-32-17, 5-09-83, (312) 29-30-39;
Чолпон-Ата ш.: +996 (3943) 4-23-41, 4-23-86.








