
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун
протоколу
«Халык Банк Кыргызстан» ААК эскертет:
«Казакстан Элдик Банкы» АК жалгыз акционеринин чечими
Алматы ш. 2016-жылы 16-декабрь
Өткөрүлгөн жери:
Казакстан Республикасы, Алматы ш., Аль-Фараби к, 40, «Казакстан Элдик Банкы» АК имараты, 16-декабрь 2016-жыл.
Каттоонун башталыш убактысы: 14:00 с.
Чогулуштун башталыш убактысы: 15:00 с.
Чогулуш жабылды: 17:30 с.
Бардыгы болуп акционерлер: 1
Таандык акциялардын саны: 1 068 400 даана
Катышышты: 1
Добушка түшкөн акциялардын саны менен: 1 068 400 даана
бул 100% түзөт.
Күн тартиби:
1. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүү тартибин аныктоо жөнүндө жана «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укуктуу жакты аныктоо жөнүндө.
2. ФОЭС стандарттары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн, коррекцияланган пландык балансты, киреше жана чыгыша бюджетин, «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 2016-жылга карата капиталдык салымдар планын бекитүү жөнүндө.
3. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жалгыз акционери - «Народный Банк Казахстана» АКсына «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларынын санын көбөйтүү жолу менен акция түрүндө дивиденд төлөө аркылуу «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө.
4. «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жаңы редакциядагы Уставын бекитүү жөнүндө
ЖЫЙЫНДЫН ЧЕЧИМДЕРИ:
1. Токтом кылынды:
«Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлсүн.
«Народный Банк Казахстана» АКнын Башкармалыгынын Төрайымы Шаяхметова Умут Болатхановна «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынынын төрайымдыгына шайлансын жана ага «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынынын протоколуна кол коюу укугу ыйгарылсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
«МАКУЛ» - 1 068 400 добуш (100% - добуш берүүчү акциялар).
2. Токтом кылынды:
ФОЭС стандарттары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн, коррекцияланган пландык баланс, киреше жана чыгыша бюджети, «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 2016-жылга карата капиталдык салымдар планы бекитилсин.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
«МАКУЛ» - 1 068 400 добуш (100% - добуш берүүчү акциялар).
3. Токтом кылынды:
1. Дивиденд өлчөмү бир жөнөкөй акцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кармала турган салыкты кошкондо 68,438787 (алтымыш сегиз) сом 438787 тыйын болуп бекитилсин.
2. «Народный Банк Казахстана» АКна («Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жалгыз акционери) «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 2012-2015-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 73 120 000 (жетимиш үч миллион жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кармала турган салыкты кошкондо), акция формасында мурдагы жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн таза кирешеден төлөнсүн.
3. Дивиденддерди акция менен, аларды кошумча чыгаруу жолу аркылуу төлөө формасы бекитилсин.
4. Жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын саны ар бири 500 (беш жүз) сомдук, жалпы суммасы 65 808 000 (алтымыш беш миллион сегиз жүз сегиз миң) сомдук 131 616 (жүз отуз бир миң алты жүз он алты) жөнөкөй акцияга чейин көбөйтүлсүн.
5. 5.Акцияларды жайгаштыруунун төмөнкү мөөнөттөрү аныкталсын:
- акцияларды жайгаштыра баштоо күнү– акцияларды чыгарууну каттоо күнүнөн тарта;
- жайгаштырууну аяктоо күнү – акцияларды чыгарууну каттоо күнүнөн тарта алты ай аралыгында.
6. Акцияларды жайгаштыруунун төмөнкү шарттары жана тартиби аныкталсын: «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын жалгыз акционери – «Народный Банк Казахстана» АКсынын арасында жеке эмиссия (жабык жайгаштыруу) аркылуу.
7. 1 (бир) жөнөкөй акция үчүн 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө кошумча акция жайгаштыруу баасы аныкталсын.
8. Акцияларды төлөөнүн төмөнкү формасы жана тартиби аныкталсын: өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн кирешенин эсебинен накталай эмес акча каражаттары менен.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
«МАКУЛ» - 1 068 400 добуш (100% - добуш берүүчү акциялар).
4. Токтом кылынды:
1. «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун жаңы редакциядагы Уставы бекитилсин.
2. Акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыгы менен «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун жаңы редакциядагы Уставы бекитилгенине байланыштуу «Халык Банк Кыргызстан» ААК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте кайрадан мамлекеттик каттоого алынсын.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
«МАКУЛ» - 1 068 400 добуш (100% - добуш берүүчү акциялар).
Кененирээк маалымат









