Көп каналдуу

information

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №598 токтомуна ылайык, колдонуудагы мөөнөтүн узартуучу “мөөнөтсүз” деген белги коюлган 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорттор 2017-жылдын 31-мартына чейин гана жарактуу болоорун маалымдайбыз. Ошентип, бул паспорттор 2017-жылдын 1-апрелинен тартып толугу менен юридикалык күчүн жоготот жана жараксыз деп саналат.

Халык Банктын филиалдарына жана аманат кассаларына келүүдө ушул маалыматты эске алууңуздарды суранабыз.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомунун толук версиясы берилген.

Бишкек ш., 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 598

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар
1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын
паспортунун колдонуу мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен документтештирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту 2017-жылдын 31-мартына чейин колдонулаары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- Колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча “мөөнөтсүз” деген белгиси бар 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү 2017-жылдын 31-мартынан тартып бүтө тургандыгы жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштыруунун зарылдыгы тууралуу калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- 60 жаш курагына жеткен жана андан улуу Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2016-жылдын 6 декабрындагы № 108 «Эркин-Тоо» газетасында жарыяланган

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри                                                       С.Ш. Жээнбеков

501 narod 401 403 402
 faster 1 406 contact_2 bereke