Урматтуу кардарлар!
“Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын 24.10.2017-ж. №51-12 чечими менен 2017-жылдын 1-ноябрынан тартып жеке жактар үчүн депозиттик линейкага киргизилген өзгөртүүлөр бекитилди:
Төмөнкү шарттары менен «Halyk – Универсал» жаңы мөөнөттүү депозити киргизилди:
- Депозит ачуудагы минималдуу сумма– 15 000 сом / 200 $ АКШ.
- % төлөө – мөөнөттүн аягында.
- Толуктоо – мүмкүн, сумма чектелбейт.
- Жарым-жартылай алуу - мүмкүн, бирок күнүнө 1 жолудан көп эмес. Депозиттин азайтылбаган суммасы учурдагы калдыктын 80%ынан тартып, бирок 15 000 сом / 200$ АКШ аз эмес.
- Аманатчынын демилгеси боюнча «Halyk – Универсал» аманатынын келишими мөөнөтүнөн эрте бузулган учурда банк депозиттин негизги суммасын гана төлөп берет.









