
«Халык Банк Кыргызстан» Кыргызстандын рыногунда Volkswagen, Hyundai, Mercedes-Benz,Renault жана Audi сыяктуу дүйнөлүк бренддерди сунуштап жаткан мультибренддик компания - «Asiamotors» автоборбору менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол койду.
Эми автосалондон жаңы автоунаа сатып алуу алда канча жеңил жана жагымдуу болуп калды! Сөзсүз түрдө өткөрүлүүчү тест-драйв сизге өзүңүздү бул автоунаанын кожоюну катары сезүүгө мүмкүндүк берет!
Жаңы автоунаа сатып алууга арналган автонасыя төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
Насыянын суммасы – 1000 АКШ долларынан 100 миң АКШ долларына чейин (эквиваленти сом менен);
Насыянын мөөнөтү – 5 жылга чейин;

Пайыздык чен АКШ доллары менен - 12% (эффективдүү пайыздык чен 12.91%), сом менен - 18% (эффективдүү пайыздык чен 19.81%)
Табыштаманы жазып-каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- Арыз, анкета
- Арыз ээсинин паспорту
- Арыз ээсинин кирешелерин тастыктоочу документтер
«Asiamotors» автоборборунан жаңы автоунаа сатып алуунун кандай артыкчылыктары бар?
Бул Кыргызстандагы тейлөөнүн толук циклин камтыган автоборбор:
Sales – жаңы автоунааларды сатуу.
Service – кепилдик тейлөө жана кепилдик мөөнөт бүткөндөн кийинки тейлөө,
Spareparts – запастык бөлүктөрдүн склады.
Мындан тышкары, автоборбордо оригиналдуу запастык бөлүктөр бар. Автоборбордун складында 10 миңден ашуун аталыштагы запастык бөлүктөр сакталат.
«Asiamotors» автоборборунун дареги: Бишкек ш., Анкара көч. 5, тел. (0312) 530 003.
Авто насыянын пайыздык чендери жана башка шарттары









